«Саясий репрессияга каршылык комитети» аттуу коомдук уюм Кыргызстанда жарандык жүрүштөргө жана митингдерге каршы атайын топторду колдонуу жаман адатка айланып баратат деп эсептейт.
8-июнда уюм кайрылуу таратып, эл арасында ОБОН деген атка конгон бул топтор бийликтин позициясына макул болбогондорду жаманатты кылуу, алар уюштурган иш-чараларда ызы-чуу чыгаруу менен алектенери айтылды.
Уюмдун өкүлү Адил Турдукулов "Азаттык" радиосуна билдиргендей:
“Кыргызстандын жаңы тарыхындагы кейиштүү кесепеттерге алып келген окуяларга карабастан азыркы бийлик, буга чейинкилер сыяктуу эле ушундай ыкмаларды колдонуудан жийиркенбей жатат”.
Уюм тартип коргоо органдарын ошол адамдарды аныктоого, чагымчыларды жоопко тартууга, президент Сооронбай Жээнбековду саясий эрк көрсөтүп, соттордун акыйкат чечим чыгаруусуна шарт түзүүгө чакырды.
Бул кайрылууга байланыштуу бийлик органдары азырынча комментарий бере элек.
2019-жылы 22-августта президент Сооронбай Жээнбеков "Биз эски репрессивдик мыйзамдардан кетип, жаңы укуктук стандарттарга өтүп жатабыз" деп айтып, соттук-укуктук реформа элдин колдоосуна муктаж экенин өзгөчө белгилеген.
1-июнда Бишкекте Кой-Таш окуясы боюнча сот жүрүп жаткан учурда имараттын сыртында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди колдогон жана ага каршы болгон ондогон адамдар митингге чыгышкан.
Кыргызстанда көчөдөгү саясий активдүү аялдардан куралган ОБОН деген ылакап аты бар уникалдуу кубулуш тууралуу “Азаттык” радиосу 2012-жылы атайын журналисттик иликтөө даярдаган. (RK)