Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Июнь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:01

Тармактык комитет өкмөттүк эмес уюмдар жөнүндө мыйзам долбоорун экинчи окууда колдоду


Мыйзамдын алгачкы демилгечилери. Мунун ичинен депутат Марлен Маматалиев авторлуктан чыкканын айткан. Аида Исмаилова вице-премьер-министр болуп дайындалган.
Мыйзамдын алгачкы демилгечилери. Мунун ичинен депутат Марлен Маматалиев авторлуктан чыкканын айткан. Аида Исмаилова вице-премьер-министр болуп дайындалган.

Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитети «Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө» жана «Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө» мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоорун экинчи окууда жактырды.

Комитеттин мүчөсү, депутат Дастан Бекешев долбоорду сынга алып, аны кабыл албоого чакырды. Бекешевдин сунушу колдоо тапкан жок.

Мыйзам долбоорун Жогорку Кеңеш быйыл 4-мартта биринчи окууда кабыл алган. Тармактык комитеттерде каралгандан кийин документ жалпы жыйынга экинчи окууга чыгарылат.

Мыйзам долбооруна ылайык, коммерциялык эмес уюмдар Юстиция министрлигине каржы булагы, мүлкү, чыгымы, кызматкерлеринин саны жана алардын эмгек акысы тууралуу маалымат берүүгө тийиш. Ал маалыматтар министрликтин сайтына ачык жарыяланат.

Долбоорго алгач депутаттар Бактыбек Райымкулов, Умбеталы Кыдыралиев, Улан Примов, Жылдыз Мусабекова, Бактыбек Турусбеков, Евгения Строкова, Марлен Маматалиев жана Аида Исмаилова демилгечи болушкан. Маматалиев кийин авторлуктан баш тартса, Исмаилова вице-премьер-министр болуп кеткен.

Өкмөттүк эмес уюмдар жөнүндө мыйзамга каршы 70ке жакын уюм кайрылуу таратып, ага нааразылык билдиришкен.

Өткөн аптада президенттик аппарат коммерциялык эмес уюмдардын мыйзам долбоору боюнча кайрылуусуна жооп берип, “Эгер мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште колдоо тапса, силердин кайрылуу эске алынат” деп билдирген. (ErN)

XS
SM
MD
LG