Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:09

Өзбекстанда чакан ишкерлер жер, мүлк салыгынан бошотулат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бул тууралуу "Азаттыктын" өзбек кызматы Мамлекеттик салык комитетинин башчысы Музаффар Юсуф Назаровго шилтеме кылып жазды. Ага ылайык, Өзбекстанда ушул тушта 142 миңден ашык чакан ишкерлик менен алектенген фирма-ишкана бар жана алар 33 миллион долларга жакын салык төлөөдөн бошотулат. Назаров ошондой эле ишкерлер ушул жылдын апрель-май айларына чейин жер менен мүлккө төлөнчү 12 миллион доллардан ашык салыктан да бошотулганын белгиледи. Буга байланыштуу буйрукка президент Шавкат Мирзиеёев кол койду.

Өзбекстанда пандемия маалында жумушсуздардын расмий саны эки миллионго көбөйдү.

Бул өлкөдө соңку бир күндүн ичинде коронавирус дагы 92 адамдан аныкталды. Ооругандардын жалпы саны 6900 кишиге чамалады. Бул илдеттен 19 бейтап жан берди.

XS
SM
MD
LG