Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:03

Президент: Жогорку Кеңеш маанилүү чечимдерди кабыл алды


Жогорку Кеңештин жыйындар залы
Жогорку Кеңештин жыйындар залы

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 30-июнда Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылыштагы курамынын кезексиз жыйынына катышып, сүйлөгөн сөзүндө парламенттин ишмердигине да токтолду. Анда депутаттардын ишин эл баалаарын белгилеп:

“Бирок, калыстык үчүн, так ушул алтынчы чакырылыштагы депутаттар тарабынан өлкөбүз үчүн абдан маанилүү чечимдер кабыл алынганын айта кетейин. Жалпылап айтканда, параламенттин ушул курамы тарабынан коррупцияга каршы күрөштү күчөтүүгө багытталган чечимдердин көпчүлүгү кабыл алынганын эч ким төгүндөй албайт”, - деди президент.

Президент мындан тышкары Жогорку Кеңеш шайлоо өнөктүгүндөгү коррупциялык көрүнүштөрдү жоюуга, сот системасын реформалоого багытталган мыйзамдарды, “Коопсуз шаар“ долбоорун жана ири коррупциялык схемалар жөнүндө маанилүү чечимдерди кабыл алганын айтты:

“Сот системасындагы, укук коргоо, бажы жана салык органдарындагы коррупциялык иштердин парламент аркылуу ачыкка чыгарылганы да коомчулукка белгилүү”.

Ушул эле кезексиз сессияда парламент төрагасы Дастанбек Жумабековдун билдиргенине караганда парламент бешинчи сессиясында 136 мыйзам, 614 токтом кабыл алды.

Жогорку Кеңештин акыркы жыйындарында жапырт кабыл алынган мыйзамдардын ичинен "Маалыматты манипуляциялоо жөнүндөгү" мыйзам "сөз эркиндигине, демократиялык жетишкендиктерге каршы" мыйзам катары коомчулуктун кескин сынына кабылды.

Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаттары жайкы каникул алдында 30-июнда кезексиз сессия өткөрүп, анда өкмөттүн жаңы курамы президент Сооронбай Жээнбековдун катышуусунда ант берди.

Парламент депутаттары июль айында шайлоочулар менен болуп, августта эмгек өргүүсүнө чыгышат.

Сентябрь айында кайрадан күзгү сессияга чогулат.

Жогорку Кеңештин азыркы курамынын мөөнөтү быйыл күзүндө аяктайт. келерки парламенттик шайлоо 4-октябда өтүшү керек. (ZKo)

XS
SM
MD
LG