Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-август, 2020 бейшемби, Бишкек убактысы 00:14

«Түркиядан кыргыз дарыгерлерге кийим жөнөтөбүз»


Анталиядагы кыргыз кыз-келиндер Кыргызстанга коргонуучу костюмдарды тигип жатышат.

Анталияда эмгектенип жаткан кыргызстандык кыз-келиндер мекенге атайын коргоочу костюмдарды тигип жөнөткөнү турушат.

Түркиянын Анталия шаарындагы тигүүчү цехтин жетекчиси Гүлсаана Садыбакасова жети айдан бери улуттук кийим-кечелерди буйрутма менен тигет. Жергиликтүүлөрдүн да көңүлүн бурган бул чакан цехте Гүлсаана бүгүн мекендештери менен Кыргызстандагы дарыгерлерге атайын коргонуучу костюмдарды тиге баштады.

«Социалдык тармактан акыркы күндөрү улам медиктерге беткап, костюм жетишпей жатканын көрүп өзүм эле бир канчаны тигип, салып жиберсемби дегем. Анталиядагы кыргыз эжелер менен кеңешсем, колдошту. Азыр чогулуп тиге баштадык. Кездемени мигрант кыз-келиндерден сураган акчага алдык. Башка түрк ишкерлерге да кат жазып кайрылдык. Алар колдоп берсе Кыргызстанга кете турган костюмдардын саны да көп болот».

Тикмечилер иш үстүндө.
Тикмечилер иш үстүндө.

Гүлсаананын демилгесин колдоп Анталия шаарында иштеп жүргөн кыргызстандык кыз-келиндер да жардамга келишкен. Алардын бири Айнура Кыдырова кесиби тикмечи болбосо да Кыргызстандагы абалды угуп, үйүндө отура алган эмес.

«Кыргызстандагы туугандарымдын дээрлик көпчүлүгү, кызым ооруп чыкты. Дарыгерлердин абалын «Фейсбуктан» окуп жатабыз. Жада калса беткап, атайын костюмдары да жок. Мындай учурда үйдө жөн эле отура алмак эмесмин. Тиккенди бир аз билгендиктен колуман келишинче тикмечи кыздарга жардам берип жатам».

Мээрим Жуматаева иш үстүндө.
Мээрим Жуматаева иш үстүндө.

Ал эми тикмечи Мээрим Жуматаева Кыргызстанга кетчү коргонуучу костюмдардын моделин иштеп чыгып, ага ылайыктуу кездемелерди издеп тапкан. Мээрим буга чейин мындай костюмдарга буйрутма албаса да колу көнүп, улам көбүрөөк тиге баштаганын айтты:

«Мен мындай костюмдардан дагы оор фасондорду тикчүмүн. Медиктерге костюмдарды алгач «Ютубдан» карап, анан бычып көрдүм. Оңой экенин байкадым. Азыр Айнура эже жардамга келип, экөөбүз тигип баштадык. Башында колубуз көнбөй күнүнө 20дан костюм тикчүбүз, бара-бара көнүп баратабыз. Кыргызстандагы дарыгерлерге бул костюмдарды ыкчам жеткиргибиз келет».

Анталиядагы жигердүү кыргыз мигранттар учурда миңге жакын атайын коргонуучу костюмдарды тигип бүтүп, Кыргызстанга жеткирүүнү көздөп турушат. Алар Кыргызстандагы айрым активисттерге байланышып, өзгөчө аймактагы дарыгерлерге алар тиккен кийимдер жетсе экен деп үмүттөнүшөт.

Түркияда жалпысынан 30 миңден ашуун кыргызстандык катталган. Алар Стамбул, Анкара жана Анталия сыяктуу ири шаарларда жашап эмгектенишет.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG