Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-ноябрь, 2020 бейшемби, Бишкек убактысы 04:12

Орусияда бейөкмөт уюмдардын ишин токтотуу жөнүндө мыйзам долбоору биринчи окуудан өттү


Мамлекеттик Думанын жыйыны. 17-январь, 2020-жыл. Иллюстрациялык сүрөт.

Орусиянын Мамлекеттик Думасы АКШдан каржыланган бейөкмөт уюмдардын ишин токтотуу тууралуу мыйзам долбоорун биринчи окуудан кабыл алды. Мыйзам долбооруна ылайык, Юстиция министрлиги Орусияда саясий ишмердүүлүк менен алектенген же “мамлекеттин зыянына” иштеген программа, долбоорлорду ишке ашырган коммерциялык эмес уюмдардын ишин да токтотууга укуктуу.

Мыйзам долбоорунун автору Андрей Луговой - сайттарды сотко чейин жабууга уруксат берген “эгемен интернет” мыйзамынын да авторлорунун бири. 2015-жылы президент Владимир Путин Луговойду “Ата Мекенге кызматы үчүн” медалы менен сыйлаган.

Британ бийлиги Луговойду 2006-жылы өлтүрүлгөн Александр Литвиненконун өлүмүнө тиешеси бар деп эсептейт.

Пикирлерди көрүңүз (1)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG