Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:02

ФОМСтун Жалал-Абаддагы жетекчиси Интернетке тараган документ боюнча түшүндүрмө берди


Интернетке тараган документ.
Интернетке тараган документ.

Жалал-Абад аймактык милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун башкармалыгынын жетекчиси Жыргалбек Осмоналиев Интернетте тарап жаткан документ боюнча «Азаттык» радиосуна түшүндүрмө берди. Социалдык тармактарга талкуу жаратып жаткан документте чын эле анын колу коюлганын, кат эмненин негизинде жазылганын айтты.

«Таш-Көмүр аймактык ооруканасына облустук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун башкы дарыгери «WhatsApp» аркылуу «бизде эч нерсебиз жок деп айтсаңар силерге жардам берилет» деп айтып жибериптир. Ошого байланыштуу биздин кызматкерлер менин атымдан кат жиберишкен», - деди Осмоналиев.

Ал Таш-Көмүр аймактык ооруканасында медициналык каражаттар жетиштүү экенин, ушул тапта иштетилбей турган 1 млн. 480 миң сому бар экенин айтып жатат. Осмоналиев дарыгерлер кайсы бир коомдук уюмдан жардам алыш үчүн "медициналык каражаттар жетишсиз" деп айтышканын, ушундан улам Интернетке талкуу жараткан кат жиберилгенин кошумчалады.

Kyrgyzstan - Bishkek - COVID-19 -
Kyrgyzstan - Bishkek - COVID-19 -

Ал кат Жалал-Абад облусундагы бардык медициналык мекемелерге тиешелүү экенин, бирок демөөрчүлөр жардам бергиси келсе аны алууга даяр экенин билдирди.

25-июлда социалдык тармактарга Жалал-Абад аймактык милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун башкармалыгынын жетекчиси Жыргалбек Осмоналиевдин колу коюлган документ тараган.

Анда мындан ары демөөрчүлөрдөн социалдык тармактар аркылуу жазуу түрүндө жардам сурап, өкмөттүн ишине доо кетирген медицинилык мекемелердин жетекчилеринин жоопкерчилиги каралары жазылган.

Бул документ боюнча Саламаттык сактоо министрлиги жана Осмоналиев айтып жаткан дарыгерлер комментарий бере элек.

Бул Интернет колдонуучуларанын, пандемияда мамлекетке жардам берип жаткан ыктыярчылардын сынына кабылды. Өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалдан улам айрым ооруканаларда дарыгерлер үчүн жеке коргонуу каражаттары жетишсиздиги байкалды.

Аны айтып чыккан айрым дарыгерлер кечирим сураган видеолорун буга чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) жарыялаган. (BTo)

XS
SM
MD
LG