Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:17

Минскиде Тихановскаяны колдогон акция болбой калды


Мурдагы үй кожойкеси Светлана Тихановская азыр Александр Лукашенконун башкы саясий атаандашына айланды.
Мурдагы үй кожойкеси Светлана Тихановская азыр Александр Лукашенконун башкы саясий атаандашына айланды.

Беларустун борбору Минск шаарында президенттикке оппозициядан талапкер болгон Светлана Тихановскаяны колдогон акция болбой калды. Анын алдында талапкердин шайлоо штабынын башчысы Мария Мароз кыска убакытка кармалган жана уруксат берилбеген митинг өткөрбөө тууралуу эскертүү алгандан кийин коё берилген. Тихановскаяны колдогон митинг 6-августта кечке жуук Элдердин достугу паркында өтмөк.

Тихановскаянын басма сөз өкүлү Анна Красулина митингдин алдында шаар бийлиги бул жерге беларус темир жол кызматкерлерине арналган иш-чара өтөрүн маалымдаганын кабарлады. Ал бийликтин аракеттерин мыйзамсыз деп атап, тиешелүү органдарга кайрылышарын билдирди.

Беларустун Борбордук шайлоо комиссиясы президенттик шайлоого талапкер катары азыркы президент Александр Лукашенко баштаган беш адамды - Светлана Тихановскаяны, Андрей Дмитриевди, Анна Канопацкаяны, Сергей Череченди каттаган.

Белгилүү блогер Сергей Тихановский камакка алынгандан кийин шайлоого анын ордуна аялы Светлана Тихановская аттанган жана мурдагы үй кожойкеси азыр Александр Лукашенконун башкы саясий атаандашына айланды. Анын штабы менен өткөн айда расмий каттоодон өтпөй калган Виктор Бабарико менен Валерий Цепкалонун штабдары бириккен. Натыйжада шайлоого үч аял - Тихановская, Бабариконун шайлоо штабынын координатору Мария Колесникова жана Цепкалонун аялы - Вероника Цепкало болуп чогуу бир команда болуп аттанган.

Тихановскаянын шайлоочулар менен жолугушууларына миңдеген адамдар катышып жатат.

Беларуста президенттик шайлоо 9-августта өтөт. Александр Лукашенко бул өлкөнү 1994-жылдан бери башкарып келет.

XS
SM
MD
LG