Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:45

Экинчи толкундун эпкини, эске алчу сын


Бишкектеги күндүзгү стационарлардын бири.
Бишкектеги күндүзгү стационарлардын бири.

Кыргызстанда соңку суткада коронавирус илдетин жугузгандар жана каза тапкандар боюнча июлдан берки эң ылдыйкы көрсөткүч катталды. Акыркы бир күндө илдеттен бир киши каза тапты.

Кыргызстанда бир күн ичинде коронавирус 135 кишиден лабораториялык жол менен аныкталды. Коронавируска каршы күрөш боюнча республикалык ыкчам штабдын 17-августтагы маалыматына караганда, бир күн аралыгында вирустан дагы бир киши кайтыш болду. Бул июлдан берки эң ылдыйкы көрсөткүч болуп калды.

Саламаттык сактоо министрлигинде түзүлгөн ыкчам штабдын мүчөсү, эпидемиолог Алексей Кравцов бир нече көрсөткүч боюнча соңку абалга баа берүүгө мүмкүн экендигин билдирди:

Алексей Кравцов.
Алексей Кравцов.

«Биринчиси эле - ооругандардын жана өлгөндөрдүн саны. Мына ушул эки көрсөткүчкө таянып, абалга көз сала алабыз. Эгер азыр алар аз болсо, демек абал оңолгонун айтсак болот. Албетте, июлдан берки убакыттан бери өзгөрүү бар. Көбү ооруп айыкты. Бирок алардын так саны антиденечеге анализ тапшыргандардын жыйынтыгы менен аныкталат».

Өлкөдө пандемия башталган март айынан бери коронавирустун курмандыктары 1496 кишиге жетти. Өлгөндөрдүн басымдуу бөлүгү июль айына туура келген. Ал кезде күн сайын бир жарым миңден ашык адамга оору жукканы катталып турган. Ал эми каза тапкандар күнүнө 80 адамга чейин жеткен.

COVID-19 пандемиясы башталгандан бери ооруканаларда орун жетишпей, өкмөт, ыктыярчылар менен ишкерлер күндүзгү жана кечки стационарларды уюштуруп, бейтаптарды тейледи. Августтун башынан тартып алардын айрымдары бейтаптардын жоктугунан улам жабыла баштады. Алардын бири - Бишкектеги «Семетей» госпиталы - 14-августта жабылды.

Мурдагы транзиттик «Ганси» базасында ачылган «Семетей» госпиталы 47 күн иштеп, бул аралыкта 1500 бейтап, анын ичинен 300гө жакыны реанимацияда дарыланды.

Ушул тапта госпитал күз-кыш мезгилдерине жана коронавирус илдетинин экинчи толкунуна даярдалып жатат.


Коронавирус эпидемиясы курчуган июнь-июль айларында медицина кызматкерлери жетишпей, өкмөт медициналык билими барлардын баарын мобилизацияга чакырган. Орусияда, Түркияда иштеген айрым кыргызстандык медицина кызматкерлери дарыгерлерге практикалык жардам көрсөтүү максатында өз ыктыяры менен келишкен.

Орусиялык дарыгерлер үч апталык иш мөөнөтүндө жети облустагы 31 медициналык мекемеде иштеп, төрт миңден ашык адамды текшерди.

Орусия Федерациясынын Башкыртстан Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басары Евгений Кустов буларды билдирди:

«Биздин дарыгерлер кыргыз медиктери менен кошо кызыл зоналарда болушту. Алар бейтаптарды дарылоо менен алектеништи. Мындан сырткары биз тажрыйба алмаштык. Медициналык кызматкерлердин корголгон шартта, оорубагыдай иштөө режимин түзүү да биздин милдеттердин бири болду. Биз төрт миңден ашык адамды карап, 564 адамды стационарлардан чыгардык, 370 адамды чыгарууга даярдадык. Ошондой эле биздин кызматкерлер кыргыз кесиптештери менен кошо 40 бейтапты жасалма дем алдыруучу аппараттан чыгарды».

Ал ортодо соңку төрт күндүн ичинде Орусиянын шаарларынан миңден ашык кыргызстандык Бишкекке жана Ошко учуп келди. Тышкы иштер министрлигинин маалыматына караганда, 20-марттан 1-августка чейин Орусиянын 21 аймагынан 20 миңден ашуун кыргыз жараны мекенине кайтты.

Сырттан келгендер обсерваторлорго жаткырылып же текшерүүдөн өтүп, тест тапшырышпайт. Айрым адистер мындай мамиле абалды күчөтөт деп кооптонуп жатышат.


Кардиохирург, профессор Калдарбек Абдраманов өзгөчө абал режиминде эл үйдө отурганда бийлик оорунун жайылышын алдын алууга чара көрбөгөнүн белгилеп, ушундан улам экинчи толкунга даярдык азыртан башталышы керек деген оюн билдирди:

«Мындан бир-эки ай мурун кырдаалды көзөмөлдөп, абалды туруктуу кармап турууга мүмкүнчүлүк бар болчу. Ал кезде вирус жуккандар аз эле. Буга чейин атайын бир план болгонуна да көзүм жетпей турат. Эми экинчи толкун баштала элек кезде «даярдык көрүш керек» деп айтып жатабыз. Медицинага оорчулук келбеши үчүн ар бир облуска жеңил жол менен жок дегенде бирден оорукана куруш керек. Азыр ооруканалар тууралуу айтылып жатат. Бирок мунун баарын тээ жазында баштап коюш керек болчу. Азыр эми дагы бир маселе бар. Ал - дарыгерлердин жетишсиздиги. Тажрыйбалуу адистердин көбү кызыл зонада иштеп жүрүп ооруп калды. Эми аларды кайра ишке салууга болбойт. Ушуну да эске алыш керек».

Ал эми саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев Кыргызстан июль айында COVID-19 вирусунун жапырт жайылышын кыйынчылык менен тосконун белгилеп, кийинки толкун күздүн соңку айларына туш келиши мүмкүн экенин билдирди:

Мадамин Каратаев.
Мадамин Каратаев.

«Июль айында эң чоң көрсөткүч болду. Баарыбыз кыйналдык. Биринчиден, анда эң оор абалда келгендер көбөйдү. Экинчиден, мындай толкунга биз даяр эмес элек. Карантин убагында бардыгы санитардык-эпидемиологиялык режимдерди сактап турган элек. Мына, биз кошумча орундарды ачтык, күндүзгү ооруканаларды ачууга да туура келди. Негизинен Бишкек шаарындагы медицина мекемелерине күч келди. Медициналык кадрлардын, жабдуулардын жетишпестиги да ушуга себеп болду. Эми эч ким экинчи толкун болбойт деп кепилдик бере албайт. Ошондуктан «менде антиденече бар, ооруп чыктым, эми оорубайм» дегенден алыс болуп, санитардык-эпидемиологиялык талаптарды сактайлы. Азыркы божомолдо ноябрь-декабрь айларында сасык тумоо менен респиратордук-вирустук инфекция кошулганда кандай болот деген коркунуч турат. Бирок бизде буга медициналык кызматкерлерде максималдык даярдык бар».

Расмий маалымат боюнча өлкөдө пандемия башталган март айынан бери вирусту 41991 киши жугузуп алып, анын 34567си айыкты.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) жана башка тараптар да жайдын соңунда же күздө вируска кабылгандардын экинчи толкуну капташы мүмкүн экенин билдиришкен. Алар өлкөлөрдү алдыдагы күндүн камын азыртан көрүүгө чакырышууда.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Айгерим Акылбекова

    "Азаттык" радиосунун кабарчысы. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасын алып барган. "Данисте", "Эже-сиңдилер" телепрограммаларынын алып баруучусу.  Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. 

XS
SM
MD
LG