Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Июнь, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 23:20

УКМК: Бишкек мэриясынын кызматкери пара менен кармалды


Кыргызстандын укук коргоо органдары кармаган пара.

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) Бишкек мэриясына караштуу Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгынын кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалганын 25-августта билдирди.

Атайын кызматтын маалыматына караганда, кармалган адам баш калаадагы жайкы тамактануу жайы «бузулат» деп коркутуп, маселени оң жагына чечип бериш үчүн анын ээсинен 100 миң сом талап кылган. Тамактануу жайынын ээсине туруктуу коргоочу болуп берерин айткан, бул үчүн дайыма акча төлөп турууну сунуш кылган.

25-августта мекеменин кызматкери 50 миң сом алып жаткан жерден кармалганы кабарланды. Материалдар Жазык кодексинин 326-беренеси («Пара талап кылуу») менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, кармалган киши УКМКнын тергөө абагына камалды.

Мэрия жана аталган башкармалык атайын кызматтын маалыматына комментарий бере элек. (NT)

Пикирлерди көрүңүз (2)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG