Аксы районунун Кербен шаарында 33 жаштагы аялды сабаган деген шек менен күйөөсү камакка алынды. Бул тууралуу Жалал-Абад ички иштер башкармалыгынан кабарлашты.
Милициянын маалыматына ылайык, 26-августта саат 7:30 чамасында Аксы райондук аймактык ооруканасынын 103 кызматынан райондук милицияга аялдын токмоктолгону жөнүндө кабар түшкөн.
Милициянын тергөө ыкчам тобу ооруканага жана окуя болгон жерге барып, топтолгон материалдардын негизинде иш Жоруктар кодексинин 75-беренеси («Үй-бүлөдөгү зомбулук») менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Сотко чейинки териштирүү жүрүп жатат. Шектүү тергөө абагына киргизилди.
ИИМдин маалыматы боюнча 2019-жылы өлкөдө үй-бүлөдөгү зомбулукка байланыштуу беш миңден ашуун факт катталган. 580 иш сотко чейинки териштирүүгө алынган. Кыргызстандын укук коргоо уюмдары буга чейин пандемияда өлкөдө үй-бүлөлүк зомбулук күч алганын билдиришкен. (TSh)