Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:08

Даниел Ажиев дарыланууга жиберилгени кабарланды


Даниэл Ажиев.
Даниэл Ажиев.

Биринчи май райондук сотунун чечими менен Даниел Ажиев Жаңы-Жер айылындагы психиатриялык диспансерге дарыланууга жиберилди. Бул маалыматты Ажиевдин жакындары "Азаттыкка" билдиришти.

Алардын айтымында, тергөө алкагында милиция Ажиевдин психикалык саламаттыгын соттук-психиатриялык экспертизадан өткөрүүнү талап кылган. Экспертиза "Ажиев психикалык жактан дарыланууга муктаж" деген корутунду чыгарган. Ага байланыштуу учурда Ажиевге карата козголгон кылмыш иши токтотулуп, экспертизанын корутундусу сотко берилген.

Бул маалыматты Ажиевдин адвокаты Таалайкүл Токтобекова төгүндөгөн да, ырастаган да жок. Бул боюнча эч кандай маалымат бере албасын айтуу менен чектелди.

Ажиев быйыл март айында «Инстаграмдагы» баракчасына видео жарыялап, элге жардам таратканын сындагандарга нааразы болуп сөгүнгөндөн кийин Жазык кодексинин 313-беренеси («Расалык, улуттук, диний же аймак аралык кастыкты козутуу») боюнча шектүү катары кармалган.

Ал Жогорку Кеңештин депутаты Алиярбек Абжалиевдин уулу, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Темирлан Токобеков жол кырсыгына катышканын эске салган, ага нааразылык билдирген бир нече видеосун Интернетке жарыялаган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG