Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:39

УКМК: «Унаа» ишканасынын директорунун жардамчысы пара менен кармалды


Кыргызстандын укук коргоо органдары кармаган пара.
Кыргызстандын укук коргоо органдары кармаган пара.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Антикоррупциялык кызматы «Унаа» мамлекеттик ишканасынын директорунун жардамчысын пара алып жаткан жерден кармады.

УКМКнын басма сөз кызматы 3-сентябрда билдиргендей, эмгек келишиминин мөөнөтү узартылат деген шылтоо менен бул ишкананын аймактык бөлүмдөрүнүн кызматкерлеринен акча талап кылган коррупциялык схема иликтенген.

3-сентябрда иш бөлмөсүндө 2000 доллар алып жаткан жеринен мекеменин жетекчисинин жардамчысы Ы.Р. кармалган. Атайын кызматтын маалыматына караганда, ал узак убакыт бою Бишкек шаарындагы бөлүмдүн кызматкеринен «жумуштан айдаласың» деп коркутуп акча талап кылган.

Бул иш боюнча сотко чейинки териштирүү башталганы кабарланды. Коррупциялык схемага башка кызматкерлердин катышы бар-жогу иликтенип жатат.

Мамлекеттик каттоо кызматына караштуу «Унаа» ишканасы атайын кызматтын маалыматы боюнча комментарий бере элек. (NT)

XS
SM
MD
LG