Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:18

Кыргызстанда комуз жумалыгы өтөт

Комуз үйрөнүп жаткан балдар. Кыргызстан.
Комуз үйрөнүп жаткан балдар. Кыргызстан.

Кыргызстанда улуттук музыкалык аспаптардын бири болгон комуз жумалыгы 7-сентябрда башталат.

Маданият, маалымат жана туризм министрлиги билдиргендей, жумалыктын алкагында күү залкарлары эскерилет. Комуз күүлөрүнүн өнүгүшү боюнча илимий конференция болот. Мындан тышкары «Таңшы, комуз» аттуу онлайн гала- концерт, «Комуз менен ырдайбыз» акциясы, «Залкар комузчулардын табериктери» деген баяндар уюштурулат.

Ошондой эле композитор Атай Огонбаевдин 120 жылдык мааракесине карата флешмоб өткөрүлүп, анын «Маш ботой» күүсү аткарылат. 12-сентябрда аяктай турган жумалыктын жүрүшүн КТРКнын «Маданият. Тарых. Тил» каналы түз чагылдырат.

Саамалык 9-сентябрь - Комуз күнүнө карата уюштурулуп жатат. 2019-жылы президент Сооронбай Жээнбеков жыл сайын 9-сентябрда Комуз күнүн белгилөө боюнча жарлыкка кол койгон. (MsD)

XS
SM
MD
LG