Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:46

«БелТА»: Колесникова беларус-украин чек арасында кармалды


Мария Колесникованы 7-сентябрда белгисиз адамдар уурдап кетишкен.
Мария Колесникованы 7-сентябрда белгисиз адамдар уурдап кетишкен.

Беларустагы «БелТА» маалымат агенттиги оппозициянын Координациялык кеңешинин мүчөсү Мария Колесникова беларус-украин чек арасынан мыйзамсыз өтүүгө аракет кылган маалда кармалганын билдирди. Аны менен чогуу жүргөн саясий өнөктөштөрү Антон Родненков менен Иван Кравцов болсо украин тарапка өтүп кеткенин жазды.

Мамлекеттик чек ара комитетинин расмий өкүлү Антон Бычковский бул маалыматты ырастап, алар беларус-украин чек арасындагы «Александровка» өткөрмө бекети аркылуу өтүшкөнүн маалымдады. «Интерфакс» агенттиги өз булактарына таянып үчөөнү тең тергөө абагына алып келишкенин, бирок Родненков менен Кравцов бошотулуп, Колесникова ушул тушта тергөө абагында калганын жазды.

Координациялык кеңештин дагы бир өкүлү Максим Знак «Азаттыктын» беларус кызматына алардын Украинаны көздөй багыт алганы тууралуу кабары жок экенин айтты.

Колесникованы 7-сентябрда Минскиде белгисиз адамдар уурдап кетишкен. Күбөлөр аны Улуттук көркөм музейдин жанынан «Байланыш» деген жазуусу бар чакан автобуска күчтөп салып, белгисиз тарапка алып кетишкенин малымдашкан.

Мария Колесникова президенттикке талапкер катары катталбай калган, ушул тушта камакта отурган Виктор Бабариконун штабы башчысы болгон. Соңку президенттик шайлоодо ал президенттикке талапкер, Александр Лукашенконун башкы саясий атаандашы Светлана Тихановская менен каттоодон өтпөй калган дагы бир талапкердин аялы Валерия Цепкало менен бириккен. Ал «үчилтик» деген аталыш менен таанылган бул топтун Беларуста калган жалгыз мүчөсү эле. Ал жекшембидеги президент Александр Лукашенкого каршы нааразылык акцияларына катышкан.

Минскиде жекшембидеги «Биримдик жүрүшүнө» түмөндөгөн адамдар катышкан. Милиция айрым демонстранттарды кууп таратып, жүздөгөн адам камалган.

XS
SM
MD
LG