Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:38

Венгрияда бийликтин чечимине каршы чыккан студенттердин акциясы токтой элек


Студенттердин нааразылык акциялары 1-сентябрда башталган.
Студенттердин нааразылык акциялары 1-сентябрда башталган.

Венгриянын борбору Будапешт шаарында ондогон студенттер Театр жана киноискусство университетинин алдында нааразылык акциясын улантып жатышат. Алар өкмөттүн университет боюнча кабыл алган чечимине каршылыгын билдиришүүдө.

Өткөн айдын соңунда бийлик буга чейин эч кимге көз каранды эмес болуп келген университеттин Камкорчулар кеңешине өз кишилерин дайындаган. Университеттин жетекчилиги буга каршылыгын билдирип, кызматтан кетүүгө арыз жазган.

Студенттер да 1-сентябрдан бери нааразылык акциясын уюштуруп келатышат. Жергиликтүү басылмалар жазгандай, бир нече дүйнөгө белгилүү жылдыздар, анын ичинде Кейт Бланшетт, Хелен Миррен жана Салман Рушди ачык кат жазып, өкмөттүн кадамын сынга алышкан.

155 жылдык тарыхы бар университет «Оскар» сыйлыгынын бир нече лауреатын чыгарган.

Европа киноакадемиясынын президенти Вим Вендерс өз билдирүүсүндө «университет академиялык автономиясынан ажырап калганына» өкүнөрүн айтты.

2019 -жылы Жорж Сорос негиздеген Борбордук Европа университети бийликтин басымынан улам Будапешттен Венага көчүүгө аргасыз болгон.

XS
SM
MD
LG