Германиянын чалгындоо мекемесинин башчысы орусиялык оппозиционер Алексей Навальныйдын «Новичок» деген коркунучтуу заттан ууланган деген маалыматты тастыктады. Бул тууралуу жума күнү германиялык "Der Spiegel" басылмасы жазды.
Анда Федералдык чалгындоо кызматынын башчысы Бруно Каль жабык жыйында Навальный ууланган зат жөнүндө айтып берген. Бирок бул маалымат расмий ырастала элек.
Буга чейин Германиядагы «Die Zeit» Алексей Навальный жаңы, коркунучтуу заттан ууланганын жазган. Ишенимдүү булактарына таянган басылма уу атайын кызматтардын лабораториясында жасалышы мүмкүн экенин белгилеген.
Басылма жазгандай, немис бийлиги саясатчынын чай ичкен чынысына же чайына уу чачылган болушу ыктымал экенин айтып жатат. Иликтөөдө Навальный суу ичкен желим бөтөлкөнүн оозунан жана саясатчынын колунан уунун калдыктары табылган.
«Die Zeit» «кылмышкерлердин планы боюнча Навальный Томскиден Москвага жеткенче көз жумууга тийиш болгон, бирок учкучтун учакты чукул кондурушу менен «Тез жардам» кызматынын дарыгерлери саясатчыга ууга каршы атропин дарысын куйганы үчүн гана ал тирүү калган» деп эсептейт.
Орус бийлиги немис дарыгерлеринин «саясатчы ууландырылган» деген алгачкы бүтүмүн четке каккан.
Орус оппозициячысы Алексей Навальный 20-августта Томскиден Москвага баратып, эстен танган. Учак Омскиге чукул конуп, саясатчы «Тез жардам» менен ооруканага жеткирилген. Эки күндөн кийин Берлиндеги клиникага которулган. (TSh)