Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Июль, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:29

Жээнбеков: Орусия менен вакцина алып келүү боюнча сүйлөшүү жүрүп жатат


Президент Сооронбай Жээнбеков 12-сентябрда КТРКнын “Биринчи радиосу” менен маегинде Орусия сыноодон өткөрүп жаткан коронавируска каршы вакцинаны алып келүү боюнча эки өлкөнүн тийиштүү органдары сүйлөшүп жатканын маалымдады.

“Орусияда вакцинаны клиникалык сыноолордон өттү деп маалыматтарды беришти. Орусияда акыркы күндөрү вакцинаны колдонууга киргизишти. Жакынкы убакытта вакцина жапырт чыгарылат деп ишенем. Биз үчүн да вакцинаны өлкөгө алып келүү абдан маанилүү. Илдетке каршы күрөшүү иш-чараларынын алкагында эки өлкөнүн тийиштүү органдары вакцинаны Кыргызстанга алып келүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатышат”, - деди президент.

Шаршембиде Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров казакстандык кесиптеши Мухтар Тлеуберди менен сүйлөшкөндө, Нур-Султан Москвадан вакцина алуу тууралуу макулдашканын айткан.

Дүйнөдөгү айрым илимпоздор Орусияда даярдалган вакцинанын клиникалык сыноосуна байланыштуу күмөндүү жагдайлар бар экенин айтып чыгышкан. Белгилүү «Lancet» медициналык журналына жарыяланган ачык катта алар түрдүү эксперименттердин жыйынтыктары бирдей болуп чыкканын белгилешкен. Бул вакцинаны даярдаган Гамалея борбору мындай күмөн саноо орунсуз экенин билдирген. (TSh)

Пикирлерди көрүңүз (5)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG