Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:11

Минскиде аялдар жүрүшүнө чыккандар кармалды


Минскидеги акция. 12-сентябрь, 2020-жыл.
Минскидеги акция. 12-сентябрь, 2020-жыл.

Минск шаарында Беларустагы президенттик шайлоонун жыйынтыгына каршы жана мурда кармалгандарды колдоо үчүн чыккан аялдардын нааразычылык акциясында ондогон адамдар кармалды.

Акциянын катышуучулары шаардын борборундагы Эркиндик аянтына чогулушкан. Алардын айрымдары милициядан зомбулук көргөндөрдүн сүрөтүн көтөрүп турушкан. Алгач милиция уруксаты жок иш-чара өтүп жатканын эскертип, болжол менен саат 15:00 чамаларында катышуучуларды кармай баштаган.

Жыйырма мүнөттөн кийин Эркиндик аянты бош калган. Көп өтпөй колдоруна казан-табак көтөргөн дагы башка аялдардын тобу пайда болуп, жүрүш уюштуру

Митинг, демонстрациялар Беларуста 9-августтагы шайлоодон кийин башталып, бир айдан бери тынбай жүрүп жатат.

Көчөгө чыккандар өлкөнү 26 жылдан бери башкарып келаткан Александр Лукашенко жеңгени расмий жарыяланган шайлоо бурмаланган деп эсептешет. Көптөгөн катышуучулар кармалып, күч органдарынын зомбулугуна туш болуп жатканы айтылып жатат.

XS
SM
MD
LG