Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:05

Түркия АКШны Кипр боюнча орточул позициядан чыкпоого чакырды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Түркиянын Тышкы иштер министрлиги Вашингтон менен Никосиянын аскердик машыгуучу борбор түзүү тууралуу түшүнүшүү меморандумуна кол коюшуна каршы чыкты.

«Бул меморандум Жер ортолук деңизинин чыгышында тынчтык менен туруктуулукту камсыз кылбайт. Мындан тышкары Кипр маселесин чечүүгө зыян келтирет», - деп билдирди түркиянын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Хами Аксой. Анын сөзү боюнча, АКШнын Кипрге курал жеткирүүгө коюлган эмбаргону алып салганы жана Грекия тарапты аскердик даярдык программасына киргизгени аймактагы кырдаалдын чыңалуусун күчөттү.

Министрликтин билдирүүсүндө: «Биз АКШны Кипр аралына карата орточул позициясына кайтып келүүгө жана бул маселени чечүүгө багытталган аракеттерге көмөктөшүүгө чакырабыз», деп жазылган.

Мурдараак АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео менен Кипрдин президенти Никос Анастасиадис аралда аскердик машыгуу борборун түзүү жөнүндө өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандумга кол коюшкан. Борбор АКШ тарабынан каржыланат.

Кипрдин президенти менен жолугушуудан соң Помпео журналисттерге: «Түркиянын Кипрдин жана Грекиянын аймагына кирген жерден кен издөө операцияларына биз мурункудай эле кабатырбыз. Ал эми аскердик чыңалуу трансатлантикалык биримдикке жик салууну көздөгөндөргө гана кызмат кылат» деди.

Түркия Жер ортолук деңизинин чыгыш тарабынан суутек кендерин издөөнү тездетүүдө. Бул Анкара менен Грекиянын жана Кипрдин мамилесинин чыңалышына алып келди. Европанын бир катар өлкөлөрү да буга каршы чыгышкан.

XS
SM
MD
LG