Мындай токтомду Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 15-сентябрдагы жыйынында кабыл алды. Ага ылайык, 4-октябрга дайындалган парламенттик шайлоодо добуш берүү бюллетендери «Учкун» басмаканасында басылат.
Боршайком шайлоого 16 партияны талапкер кылып каттаган. БШКнын маалыматына караганда бюллетенде 16 партиянын тизмесинен тышкары «баарына каршы» графасы да болот.
БШК 9-сентябрдагы жыйынында шайлоо бюллетенинин формасын жана мазмунун бекиткен. (ZKo)