Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:35

АКШда Ирандын эки жаранына айып коюлду


АКШнын Юстиция министрлиги.
АКШнын Юстиция министрлиги.

АКШда кибер чабуул үчүн шек саналып жаткан эки ирандык жаранга айып коюлду. Бул тууралуу Кошмо Штаттардын Юстиция министрлиги 16-июлда билдирди. Маалыматка ылайык, Ирандын Хамадан шаарынан чыккан 30 жаштагы Хуман Хейдарян менен 34 жаштагы Мехди Фархади америкалыктарга жана чет өлкөлүк жогорку окуу жайларына, Вашингтондогу бир эл аралык уюмга, ошондой эле АКШдагы, Европадагы жана Жакынкы Чыгыштагы башка уюмдарга киберчабуул койгону үчүн жоопко тартылууда.

Аларга хакерлик, көз боёмочулук жана адамдын жеке маалыматын уурдоо сыяктуу 10 берене боюнча айып коюлду. Америкалык прокурорлор билдиришкендей, айыпталуучулар Иран өкмөтүнүн көрсөтмөсү менен улуттук чалгын кызматынын баяндамалары, жарыялана элек изилдөөлөр сыяктуу жүздөгөн терабайттык маалыматты уурдашкан. Сайттарды бузуп, Ирандагы ички оппозицияны жана Тегерандын Израил жана Сауд Арабия сыяктуу атаандаштарын бутага алган билдирүүлөрдү жазып кетип турушкан. Ошондой эле айрым маалыматтарды көмүскө түрдө сатыкка да коюшкан.

Ирандык жарандар кайсы уюмдарды бутага алганы так айтылган жок. АКШ прокурорлорунун билдирүүсү боюнча Тегеран тараптын позициясы азырынча так белгисиз. Бирок Ирандын бийлиги мындай мазмундагы буга чейинки билдирүүлөрдү четке какканы маалым.

XS
SM
MD
LG