Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:59

«Кыргызстан» партиясынын үчүнчү иши


Айтмамат Назаров (оң жакта)
Айтмамат Назаров (оң жакта)

Парламенттик шайлоого катышып жаткан «Кыргызстан» партиясына карата мыйзам бузуу учуру боюнча БШКга ушуну менен үчүнчү ирет арыз түштү.

Парламенттик шайлоого «Кыргызстан» партиясынын курамында аттанган Айтмамат Назаров талапкерликтен баш тартты.

Ал 21-сентябрда ушундай арыз жазганын Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов «Азаттыкка» билдирди. БШК жакынкы отурумунда арызды карап, чечим кабыл алат.

Жоопкер тарап жыйынга келген жок

«Кыргызстан» партиясынан депутаттыкка талапкер болгон Айтмамат Назаров «Улуттук энергохолдингдин» кызматын өткөрүп бергенине карабай, энергетикалык объектилердин ачылыш аземдерине катышып сөз сүйлөп, анысы телеканалдар аркылуу таратылып, үгүт тартибин бузганы боюнча анын үстүнөн арыз түшкөн. Боршайкомдун жумушчу тобу 20-сентябрь күнү арызды кароого киришти. Бирок жумушчу топтун жыйынына партиянын ыйгарым укуктуу өкүлү менен талапкер өзү келбегенине байланыштуу ишти кароо кийинкиге жылдырылды.

Эксперт Наргиза Касымова чакырылган тараптын жыйынга келбегенин мыйзамды сыйлабастык жана тоготпостук катары баалады:

«Өздөрүнө керек болуп калганда, бул партиянын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү кечке чейин жүрүп, БШКнын имаратында түнөшөт экен. Азыр эми ушундай болуп калды. Ушундай жагдайда азыр эми алардын бул жыйынга келбей коюшканы ишти кароону үзгүлтүккө учуратпашы керек болчу. БШКнын жумушчу тобу чакырган соң келбесе, алардын катышуусуз эле маселени карап, чечим кабыл алса болот эле. Ошолорду карап чыгып, ошонун негизинде эле чечим кабыл алууга шарт бар эле. Себеби бул жерде көз көрүнөө эле турган фактылар. Талаштуу жагдай деле жок. Анткени тиешелүү видео далилдер ачык маалымат булактарында жайгашкан».

«Кыргызстан» партиясынын ыйгарым өкүлү жумушчу топтун жыйынына келбей калганын партиянын штабы анын аймактарга чыгып кеткени менен түшүндүргөн. Ошондуктан арызды кароо кийинкиге жылдырылган.

Эске ала турган эки суроо

БШКнын үгүт тартибин кароо боюнча жумушчу тобунун жетекчиси Гүлнара Журабаева чакырылган тарап экинчи ирет жыйынга келбесе, иш алардын катышуусу жок эле каралып, чечим кабыл алынарын эскертти:

Гүлнара Журабаева.
Гүлнара Журабаева.

«Алар эмне үчүн чакырылган жыйынга келбегенине түшүнгөн жокмун. Анан да өздөрү мыйзамды сыйлабаса, административдик артыкчылыкты колдонсо... Буга мыйзам тыюу салган да. Бул ишти караш керек. Башка партиялардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү чакырганда эле жыйындарга келип, тиешелүү суроолорго жооп берип, кечке чейин жүрүшөт. Анан эми бүгүн арыз берген тараптан эмне болгону тууралуу уктук. Анда негизинен эки суроо коюлган экен. Айтмамат Назаров 1-сентябрда жана 7-сентябрда режимдик объект болгон эки энергетикалык объектиге келип, андагы аземге катышып кеткени боюнча экен. Бул жерде ал өзү депутаттыкка талапкер болсо, анан ал кандай макамдагы адам катары аземге катышканы тууралуу суроо коюлган. Биз эртеңки жыйынга ыйгарым укуктуу өкүл менен талапкердин өзүн чакыра турган болдук. Анда ушул суроолор берилет. Эгерде эмдигиде да алар келбей калса, анда бул иш алардын катышуусу жок эле талкууланып, чечим кабыл алына турганын айттык».

Айтмамат Назаров «Улуттук энергохолдингдин» төрагалык кызматын убактылуу тапшырып, «Кыргызстан» партиясынын тизмесинде депутаттыкка №58 талапкер болуп катталган. Анткени шайлоо мыйзамына ылайык мамлекеттик үлүшү 30% ашкан ишканалардын жетекчилери талапкерлигин койгондо шайлоонун жыйынтыгы чыкканга чейин кызматын убактылуу тапшырышы керек. Арызда талапкер Айтмамат Назаров Жазы-Кечүү жана Зардалы айылдарындагы электр жарыгын берүүгө байланыштуу салтанаттарга катышып, тапшырып берген кызмат абалын пайдаланып, үгүт тартибин бузганы көрсөтүлгөн.

Жазы-Кечүүдөгү жарыктын «жардамы»
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:14 0:00


«Назаров аземге талапкер эмес, жаран катары катышкан»

«Улуттук энергохолдингдин» басма сөз катчысы Азамат Курамаев Назаров ал жакка жеке жаран катары катышканын айтып, салтанат өткөн жер режимдик аймакка кирбей турганын белгиледи:

«Айтмамат Назаров 24-августтан бери «Улуттук энергохолдингдин» төрагалык кызматында эмес. Ал кызматын убактылуу тапшырып, Жазы-Кечүүгө катардагы жаран катары барган. Айтмамат Назаров энергохолдингдеги ишмердигин шайлоодо пиар катары колдонгон жери жок. Айтмамат Назаров 24-августта Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондуна өз кызматын убактылуу токтотуу боюнча арызын жазган. Ал эми биз аны «Жазы-Кечүүгө холдингдин жетекчиси катары барды» деп маалымат берген жокпуз. Ал жөнөкөй жаран катары эле барган. Жазы-Кечүүгө электр энергиясы менен камсыз кылуу боюнча демилгени өзү көтөрүп, аягына чыгарды. Ошол салтанаттуу иш-чарага жаран катары катышууга анын укугу бар. Салтанаттуу иш-чара айылдын аймагында өткөн. Анын режимдик объектиге тиешеси жок. Ал жерге андагы элдин бардыгы барган».

Аким Назаровду кантип тааныштырган?

Быйыл 1-сентябрь күнү Базар-Коргон районунда көп жылдардан бери электр энергиясы тартылбаган Жазы-Кечүү айылы электр жарыгы менен камсыздалды. Буга чейин партиялардын талапкерлеринин тизмеси бекип, БШКга тапшырылган.

Бакыт Козуев.
Бакыт Козуев.

Анын ачылыш салтанатында райондун акими Бакыт Козуев чогулган элге Айтмамат Назаровду мынтип тааныштырган болчу:

«Азыркы биринчи сөз Кыргыз Республикасынын «Улуттук энергохолдинг» компаниясынын башкармалыгынын төрагасы Айтмамат Назаровго берилет»...

Арыздагы үгүт тартибин бузуу жана административдик артыкчылыкты пайдалануу фактысы боюнча талапкер Айтмамат Назаров жана ал тизмеге кирген «Кыргызстан» партиясы азырынча түшүндүрмө бере элек. «Кыргызстан» партиясы башында тизмесин каттоодон кечигип калып, жарыштан четтеп, кийин маселеси сот аркылуу чечилген. Андан кийин бул партиядан шайлоого аттанган парламент спикери Дастан Жумабеков Таласта жаңы төрөлгөн наристеге 50 миң сом сүйүнчү бергени боюнча арыз түшүп, бирок БШК аны мыйзам бузуу катары караган эмес. Эми үчүнчү ирет партиянын талапкеринин үстүнөн түшкөн арыз боюнча жумушчу топ карап чыкса, ал боюнча маселе да БШКнын жалпы жыйынына чыгарылып, чечим кабыл алынат.

XS
SM
MD
LG