21-сентябрдан тарта Орусия Кыргызстан менен аба каттамдарын жандантат. Тиешелүү буйрукка Орусиянын премьер-министри Михаил Мишустин кол койгонун орус өкмөтүнүн расмий сайтында кабарланды.
Маалыматка ылайык, 18-сентябрда Орусиянын Коронавирустун алдын алуу боюнча ыкчам штабы Кыргызстан менен бирге Казакстан, Беларус, Түштүк Корея менен учак каттамдарын ачууну чечкен. Ага ылайык, 21-сентябрдан тартып Москвадан Бишкекке, Нур-Султанга, Минскиге, ал эми 27-сентябрдан тартып Сеулга жумасына бир жолу учак каттамакчы.
Жарандык авиация агенттигинин директору Курманбек Акышев буга чейин Кыргызстан Орусия тарапка аба каттамдарын жандантуу боюнча сунуш бергенин, ал колдоо тапса туруктуу каттамдар ачыларын айткан.
Пандемия башталгандан кийин, 20-марттан тартып Кыргызстан эл аралык жана ички каттамдарын токтоткон. Марттан августка чейинки аралыкта Орусиядан 153 чартердик каттам уюштурулуп, 27 296 кыргызстандык жаран жеткирилген.
20-сентябрдан тарта Алматы-Бишкек-Алматы багытындагы каттам жүргүзүлө баштаары кабарланган. Ал аптасына эки жолу: шейшемби жана жекшемби күндөрү болот.
Август, сентябрь айларында Кыргызстан Түркия, Бириккен Араб Эмираттары, Кувейт жана Өзбекстан менен туруктуу аба каттамдарын ишке киргизген. (TSh)