Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:56

Минскиде жекшембидеги акцияда 200дөн ашуун адам кармалды


Минск шаарындагы кармоо. 20-сентябрь, 2020-жыл.
Минск шаарындагы кармоо. 20-сентябрь, 2020-жыл.

Беларустун баш калаасы Минскиде 20-сентябрда өткөн «Адилеттик жүрүшүндө» 200дөн ашуун адам кармалды. ОМОН Гродно, Брест сыяктуу башка шаарларда да акцияга чыккан ондогон адамдарды кармап кетти. Гроднодо кош бойлуу аял кармалып, кайра бошотулду. Брестте күч кызматкерлери менен демонстранттардын ортосунда кагылышуу болду. Милиция көздөн жаш чыгаруучу колдонуп, абага ок атты.

Жекшемби күнү Минскидеги жүрүшкө 100 миңден ашуун адам катышканы кабарланды. Ак-кызыл түстөгү желектерди кармаган адамдар Эгемендик аянтына чогулушту. Андан соң алар шаардык стеланы көздөй жүрүшкө чыгышты.

Беларуста 9-августтагы президенттик шайлоодон бери түмөндөгөн адамдар катышкан жүрүштөр токтобой келет. Демонстранттар Лукашенконун кызматтан кетишин, жаңы шайлоо өткөрүлүшүн, саясий туткундардын боштондукка чыгарылышын талап кылышууда.

Беларустун бийликке баш ийген Борбордук шайлоо комиссиясы Лукашенко добуштардын 80%, оппозициячыл талапкер Светлана Тихановская 10% жакынын алганын билдирген. Бирок бир катар Батыш өлкөлөрү Беларуста добуштар бурмаланганын билдирип, шайлоонун жыйынтыгын тааныбай келишет.

Өткөн аптада Европарламент Александр Лукашенконун президенттик мөөнөтү 5-ноябрда бүткөндөн кийин аны Беларустун мамлекет башчысы катары тааныбай турганын жарыялаган.

XS
SM
MD
LG