Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:51

Еврошаркеттин дипломаттары Светлана Тихановская менен жолугушту


Тихановская Брюсселдеги жыйында сүйлөп жатат. 21-сентябрь, 2020-жыл.
Тихановская Брюсселдеги жыйында сүйлөп жатат. 21-сентябрь, 2020-жыл.

Европа Биримдигинин тышкы иштер министрлери беларус оппозициясынын лидери Светлана Тихановская менен Брюсселде жолугушту. Еврошаркет Беларустагы демонстранттарга каршы зомбулукка жана президенттик шайлоонун бурмаланышына байланыштуу 40тай беларус расмий өкүлдөрүнө санкция салуу маселесин караштырып жатат. «Кара тизмеге» президент Александр Лукашенконун өзү да киргизилиши мүмкүн экени кабарланууда.

Евробиримдиктин тышкы иштер боюнча мекемесинин жетекчиси Жозеп Боррел 21-сентябрда Тихановская менен жолуккандан кийин «беларус элинин, өзгөчө кыз-келиндеринин тайманбастыгына баа бергенин» айтты. Ал ошондой эле Минск менен Москванын «Брюсселдин Беларустун ишине кийлигишүүсү» тууралуу дооматтарын четке кагып, Европа Биримдиги демократия менен адам укуктарын гана алга сүрөй турганын белгиледи.

Эгер шаркеттин тышкы иштер министрлери санкциялык тизме боюнча орток пикир таба алышпаса, бул маселе уюмдун 24-25-сентябрдагы саммитинде талкууга коюла турган болду. Өткөн аптада Европарламент Александр Лукашенконун президенттик мөөнөтү 5-ноябрда бүткөндөн кийин аны Беларустун мамлекет башчысы катары тааныбай турганын жарыялаган болчу.

Беларуста 9-августтан бери бийликке каршы жүрүштөр токтобой жатат. Демонстранттар Лукашенконун кызматтан кетишин, жаңы шайлоо өткөрүлүшүн, саясий туткундардын боштондукка чыгарылышын талап кылышууда.

Бир күн мурда баш калаа Минскидеги «Адилеттик жүрүшүнө» 100 миңдей адам катышып, 200дөй демонстрант кармалганы белгилүү болду.

XS
SM
MD
LG