Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:32

БАЭнин түрмөлөрүндө Кыргызстандын алты жараны жаза өтөп жатат


Дубай.
Дубай.

Бириккен Араб Эмираттарынын (БАЭ) абактарында алты кыргызстандык жазасын өтөп жатат.

Бул тууралуу «Азаттыкка» Кыргызстандын БАЭнин Дубай шаарындагы башкы консулу Айбек Маматбеков билдирди. Анын айтымында, абакта отурган кыргызстандыктардын бири баңгизатка байланыштуу соттолуп, 25 жылга кесилген.

«Биздин консулдук аймакка Дубай, Шаржа, Ажман, Рас-эль-Хайма жана Фужейра эмираттары кирет. Жалпылап алганда, алты жаран соттолгон. Башкы консулдук катары жарандарыбыз полиция бөлүмдөрүнө түшүп калса укуктук жардам беребиз. Бир нече адвокаттык кеңселер бар. Жарандарга жеңил болушу үчүн арабча эмес, орус тилинде укуктук жардам берилет», - деди ал.

Эмираттардын мыйзамдары боюнча киши өлтүрүү жана баңгизат колдонуу, сатуу, жайылтуу эң оор кылмыш болуп саналат.

Башка араб мамлекеттеринен айырмаланып, бул өлкөдө өлүм жазасы жок. Бирок соттун чечими менен мындай кылмыштарга күнөөлүү деп табылгандар өмүр бою түрмөгө кесилет.

Дубайдагы консулдукта быйыл 2945 кыргызстандык каттоодон өткөн. Каттоого турбагандарды жана ал жакка убактылуу ишке баргандарды кошкондо алардын саны болжол менен 3,5 миңге жетет.

Коронавирус пандемиясында чартердик каттамдар менен эки миңге жакын кыргызстандык өлкөдөн чыгып кеткен.

Консулдуктун маалыматына караганда, быйыл 7-августта БАЭ менен туруктуу аба каттамдары калыбына келген. Бишкек-Дубай каттамы жумасына эки жолу уюштурулуп жатат. Учурда мигранттар БАЭге кайта баштаган. (NT)

XS
SM
MD
LG