Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:53

COVID-19: Кыргызстанда киши өлүмү кайра катталды


Мурдагы транзиттик «Ганси» базасында ачылган «Семетей» госпиталы. 2020-жылдын март айы.
Мурдагы транзиттик «Ганси» базасында ачылган «Семетей» госпиталы. 2020-жылдын март айы.

Кыргызстанда COVID-19 илдетинен акыркы суткада бир киши каза болду. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев 28-сентябрдагы брифингде билдирди. Маркум Ош облусунун тургуну болгон. Расмий маалыматка караганда пандемия башталган март айынан бери илдеттин курмандыктары 1064кө жетти.

Кыргызстанда соңку үч жума аралыгында коронавирустан каза болгон киши каттала элек болчу.

18-августка чейин вирустан жалпысынан 1498 кишинин өмүрү кыйылганы расмий айтылып жаткан. Бийлик каза болгондордун статистикасы кайра каралып чыкканын, 437 кишинин өлүмүнө башка оорулар себеп болгонун, сегиз учур эки жолу катталып калганын жарыялаган.

Акыркы күндөрдөгү расмий статистика да өлкөдө коронавирус кайра көбөйө баштаганын көрсөтүп жатат. Соңку бир суткада вирус дагы 104 кишиден лабораториялык жол менен табылды.

Пандемия башталган март айынан бери вирус жуккандардын расмий эсеби 46355ке жетти.

Учурда 700 бейтап стационарда, 1520 киши үй шартында дарыланууда. COVID-19 жугузган 42 619 киши айыкты. (NT)

XS
SM
MD
LG