Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:14

Светлана Алексиевич Беларустан Германияга учуп кетти


Беларуста каршылык акциялары 50 күндөн бери токтой элек.
Беларуста каршылык акциялары 50 күндөн бери токтой элек.

Адабият боюнча Нобел сыйлыгынын лауреаты, беларус оппозициясынын Координациялык кеңешин мүчөсү Светлана Алексиевич Германияга учуп кетти. Бул тууралуу TUT.BY сайты анын жардамчысына шилтеме кылып жазды.

Ага ылайык, Алексиевичтин өлкөдөн чыгып кетиши Координациялык кеңештин мүчөлөрүнө карата «Бийликти басып алуу» беренеси менен козголгон кылмыш иши менен байланышы жок. Жазуучу Беларуста бул кеңештин эркиндикте калган жана өлкөдөн чыгып кетпеген жалгыз мүчөсү болчу.

Жазуучунун өкүлү «Азаттыктын» беларус кызматына Алексиевич Германияга барууну мындан бир канча мурда эле пландаганын, дарыланууга кеткенин, бир айдан кийин кайтып келерин жана оппозициялык ишмердүүлүгүнөн баш тартпай турганын айтты.

Алексиевич 9-сентябрда бейтааныш адамдар анын батирине кирүүгө аракет кылышканын билдирген. Ушундан улам айрым Европа өлкөлөрүнүн Беларустагы элчилери анын үйүнө барып, жазуучуну күзөтүшкөн.

Беларуста президенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон миңдеген жарандар 50 күндөн бери каршылык акцияларына чыгып жатат.

Борбордук шайлоо комиссиясы алтынчы жолу жеңди деп жарыялаган Александр Лукашенко 23-сентябрда ант берүү аземин коомчулукка жарыялабай, жашыруун өткөргөн.

Оппозиция лидери, Лукашенконун башкы саясий атаандашы Светлана Тихановская беларустардын башчысы өзү экенин айткан жана жарандарды «баш ийбөө» акциясына чыгууга чакырган.

Минск шаарында 27-сентябрда «Чыныгы президенттин элдик инаугурациясы» өтөрү жарыяланган. Бул күнү акцияга чыккан ондогон адамды милиция кармап кеткен.

Евробиримдиктеги бир катар өлкөлөр, Британия, Украина, Канада жана АКШ Лукашенконун президенттикке киришүүсүн «мыйзамсыз» деп жарыялашкан. Анын алдында Европа парламенти Лукашенконун бешинчи президенттик мөөнөтү 5-ноябрда аяктагандан кийин аны Беларустун мамлекет башчысы катары тааныбай турганын билдирген.

Лукашенко өтүп жаткан митингдер үчүн Батышты күнөөлөп келет.

XS
SM
MD
LG