Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:55

Вашингтон менен Сеул Корей жарым аралын денуклеаризациялоо боюнча сүйлөшүүгө даяр


Cингапурдун Сентоса аралында АКШнын президенти Дональд Трамп жана Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын документке кол коюп жатышат. 12-июнь, 2018-жыл.
Cингапурдун Сентоса аралында АКШнын президенти Дональд Трамп жана Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын документке кол коюп жатышат. 12-июнь, 2018-жыл.

Бул тууралуу Вашингтондогу сүйлөшүүлөрдөн кийин эки тараптын өкүлдөрү маалымдашты. АКШнын мамкатчысынын Түндүк Корея боюнча өкүлү Стивен Бигандын айтымында, АКШ менен Түштүк Корея бул маселени аягына чыгарууну көздөйт, бирок Корей жарым аралына тынчтык орнотуу Пхеньяндын катышуусуз ишке ашпайт.

«Вашингтон менен Сеул муну өз алдынча ишке ашыра албайт. Ошондуктан Түндүк Кореяны да кошуу зарыл. Биз алар талкууга даяр болгончо, маселеге ачыкпыз», - деди Биган. Түштүк Кореянын атайын өкүлү Ли До Хун Биган менен жолугушуу жемиштүү болгонун айтып: «Биз кырдаалды көзөмөлдөөнү жана жарым аралда тынчтыкты орнотуу маселесин сүйлөштүк», - деди.

2018-жылдын 12-июнда тарыхта биринчи жолу АКШ менен Түндүк Кореянын лидерлери Сингапурда жолугуп, анын соңунда президент Дональд Трамп Корей жарым аралын өзөктүк куралдан арылтуу жараяны «абдан тез башталат» деп жарыялаган. Бирок андан бери бул багытта чоң жылыш байкалган жок.

Трамп менен Ким Чен 2019-жылдын февраль айында экинчи жолу кездешкени менен, кандайдыр бир мунаса таба алышкан эмес. Вашингтон Пхеньян өзөктүк куралынан баш тартканда гана санкциялар толук алынарын билдирип келет. Түндүк Корея адегенде санкциялардын алынышын талап кылууда.

АКШнын Мамлекеттик департаменти Вашингтон Пхеньян менен диалогду улантууга дилгир экенин, «тең салмактуу келишим түзүш үчүн ийкемдүү мамилеге» ачык экенин билдирип келет.

XS
SM
MD
LG