Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:13

Польшадан террорчуларга байланышы бар экени айтылган беш тажикстандык чыгарылды


Польшанын бийлиги «Ислам мамлекети» террордук тобу менен байланышта болгон деген шек менен беш тажик жаранын депортациялады.

Алар мындан тышкары Польша аймагында теракт уюштуруш үчүн жергиликтүү тургундарды жана украин жарандарын азгырган деп шек саналууда.

«Radio Poland» 28-сентябрда кабарлагандай, төрт тажик жараны майда кармалган, ал эми бешинчиси былтыр декабрда, Польша аймагынан чыгып кеткен маалда, эл аралык террорчулукка каршы уюмдардын жардамы менен колго түшкөн. Польшанын Ички коопсуздук боюнча агенттигинин маалыматына караганда, бешинчи шектүү Сирияга барып, ал жактан радикал экстремисттерге кошулуп, «Аль-Каида» террордук уюмуна тиешеси бар топтун мүчөсү менен тыгыз байланыш түзүүнү көздөгөн.

Депортацияланган беш тажик жаранына Польшага жана Шенген аймагына кирүүгө тыюу салынды. Апрель айында Германиянын бийлиги Түндүк Рейн-Вестфалия аймагында теракт уюштурууну көздөгөн деген шек менен Тажикстандын төрт жараны кармалганын билдирген. Тергөөнүн версиясына караганда, алар «Ислам мамлекети» террордук уюмуна былтыр кошулуп, Германияда террордук уюмдун уюгун түзүүнү көздөп жүрүшкөн.

XS
SM
MD
LG