Дональд Трамптын жарлыгына ылайык Бурунди, Кытай, Куба, Түндүк Корея, Иран, Никарагуа, Орусия жана Сирия мамлекеттерине гуманитардык эмес, соодага байланышпаган жардам берилбейт. Бул өлкөлөргө чектөөлөр алар адам сатууга каршы алгылыктуу иш алып барган жок деген жүйө менен киргизилди.
Мындан тышкары жарлыкта АКШнын Эл аралык Валюта Фондундагы (ЭВФ) жана башка бир катар өнүктүрүү банктарындагы өкүлдөрүнө ал өлкөлөргө насыя акча берүүгө каршы чыгыш керек экендиги айтылган.
Ошол эле учурда АКШ коронавируска жана Эболага каршы күрөшүү программасынын негизинде чегинүү болорун, адам сатууга каршы долбоорлор каржыланарын билдирүүдө.