Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:41

Европа Кеңеши беларустук 40тай чиновникке санкция салат


Европа Биримдиги менен Беларустун желектери.
Европа Биримдиги менен Беларустун желектери.

Европа Кеңешинин лидерлери Беларустагы президенттик шайлоонун жыйынтыгын жасалмалап, нааразылык акцияларын аёосуз түрдө басууга жооптуу аткаминерлерге санкция салуу планын макулдашты.

Европа Кеңеши Лукашенконун алтынчы мөөнөткө президент болуп калышына шарт түзгөн шайлоо жыйынтыгын тааныбай нааразылыкка чыккан жарандарга жана оппозицияга каршы репрессияны сындады.

1-октябрда Брюсселдеги саммитке төрагалык кылган Европа Кеңешинин президенти Шарль Мишель журналисттерге маалымат берип, "Бүгүн биз санкция киргизүү чечимин кабыл алдык", - деди

Санкциянын тизмесинде Александр Лукашенконун ысымы жок. Европа Кеңешинин дипломаттары ал кийинчерээк тизмеге кошулушу мүмкүн экенин билдиришкен.

Европа комиссиясынын президенти Урсула фон дер Ляйен каршылык акциясына чыккандарга күч колдонгондор жазасыз калбай турганын белгиледи.

Европа Кеңешинин санкцияга байланыштуу чечиминин артынан Беларус Тышкы иштер министрлиги билдирүү таратып, Европа Биримдигин эки жүздүүлүккө айыптады. Ошондой эле Минск Европа Биримдигинин өкүлдөрүнө каршы санкция тизмеси түзүлөрүн эскертти.

XS
SM
MD
LG