Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:26

Ошто добушту акчага баалаган үгүтчү кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Интернетте ыкчам тергөө тобу добуштарды сатып алуу үчүн адамдардын аты-жөнү жазылган конверттерге салынган ири өлчөмдөгү акчаны кармаган учур тартылган видео тасма тарады.

Ош облустук ички иштер башкармалыгы Кара-Суу районунун Нариман айыл аймагында добуш сатып алуу фактысы катталганын ырастап, бирок буга катышы бар тараптын аттарын атай элек.

Интернеттеги сайттар милициядагы булагына таянып, Кара-Сууда «Мекеним Кыргызстан» партиясынын үгүтчүсү добуш сатып алуу үчүн шектүү катары кармалганын жазып чыгышты.

«Мекеним Кыргызстан» партиясынын өкүлү кармалган адамдын партияга тиешеси жок экенин айтып, муну чагым катары баалады.

Милициянын ыкчам аракети

Ош облустук ички иштер башкармалыгынын кезмет бөлүмүнө 1-октябрь күнү кечки саат алты чамасында белгисиз бирөө чалып, Кара-Суу районунун Нариман айыл аймагында кайсы бир партиянын өкүлдөрү жергиликтүү тургундарга акча таратып жатканы тууралуу маалымат берген. Милициянын ыкчам тергөө тобу дароо айтылган дарекке барып, андагы добуш сатып алууга камдалган ири өлчөмдөгү акчаны табыш үчүн тинтүү жүрө турганын үйдүн кожоюнуна эскерткен.

Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жеңиш Аширбаев үйдүн ээси өз ыктыяры менен акчаны көргөзүп берип, анын каяктан алынып келгени тууралуу көрсөтмө бергенин билдирди:

Жеңиш Аширбаев.
Жеңиш Аширбаев.

«Ыкчам тергөө тобу айтылган дарек боюнча барып, беш конвертке салынып, кимдерге берилиши керек экени көрсөтүлгөн акчаны аталган үйгө тапшырып кеткен окуянын үстүнөн чыккан. Үй ээсинин көрсөтмөсү боюнча акчаны партиялардын биринин үгүтчүсү таштап кеткен. Ал үйдүн ээси кармалып, сурак берүүдө. Ал эми аталган үгүтчүнүн ким экени аныкталып, суракка чакыртылды. Бирок кармала элек. Ошондой эле конверттерде аты жазылган адамдардын бардыгы тергөөгө чакыртылды. Азыркы кезде бул окуя боюнча Жазык кодексинин 192-беренеси боюнча («Шайлоочуларды сатып алуу») сотко чейинки териштирүү иши башталды. Окуя боюнча азыр тиешелүү тергөө иштери жүрүп жатат. Тергөө иштери кечээ башталды. Бүгүн иликтөөнүн жыйынтыгы аяктап, аны кечинде Борбордук шайлоо комиссиясына тапшыруу керек».

Бирок милиция тергөө иши жүрүп, айыптоо корутундусу чыкканга чейин аталган акча каражаты кайсы партияга таандык экени жана ал партиянын кайсы талапкеринин шайлоо штабы аркылуу таратылганы ачык жарыяланбай турганын белгиледи. Мыйзам боюнча, шайлоого байланышкан иштер беш күн ичинде иликтенип, айыптоо корутундусу чыгып, тиешелүү чечим кабыл алыш үчүн материалдар Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) тапшырылат.

Акыркы чечим БШКда

БШКнын мүчөсү Атыр Абдрахматова бул иш боюнча тыянак чыкса, партияны же болбосо талапкерди шайлоодон четтетүү маселеси карала турганын айтты:

Атыр Абдрахматова.
Атыр Абдрахматова.

«Укук коргоо органдары бул ишке партиянын тиешеси бар же жок экени тууралуу бизге тез арада маалымат бериши керек. Эгерде ошол партиянын же талапкердин добуш сатып алууга катышы бар экени аныкталса, анда БШК карап чыгып, ошого карата тиешелүү партияны же талапкерди шайлоодон четтеткенге укугу бар. Териштирүү Жазык кодексинин алкагында эмес, шайлоо боюнча конституциялык мыйзамдын алкагында каралышы керек. Биз ошол аралыкта милициянын тыянагын карап чыгып, тиешелүү чечим чыгарышыбыз абзел».

Ошол эле кезде «Мекеним Кыргызстан» саясий партиясынын өкүлү Канатбек Азиз облустук милиция азырынча партиянын атын атабай, бирок ырастап жаткан бул маалыматты четке какты. Анын айтымында, добуш сатып алуу үчүн шектүү катары кармалган жарандын тек-жайын тактаганда анын «Мекеним Кыргызстан» партиясынын тиешелүү шайлоо штабында үгүтчү болуп иштегени аныкталган эмес.

«Мекеним Кыргызстан»: бул - боло келген чагым

Ошондуктан муну партияга каршы багытталган чагым катары баалаган Канатбек Азиз бул боюнча териштирүүнүн жыйынтыгын күтүп турууга чакырды:

Канатбек Азиз.
Канатбек Азиз.

«Бизге ал кишинин эч кандай тиешеси жок. Муну биз чагым катары баалайбыз. Себеби, аталган адам биздин үгүтчү эмес экен. Андай адамды билбейбиз. Сураштырсак, биздин штабдарда андай адам иштебептир. Азыр өзүңөр байкап көрсөңөр, «Республика» партиясынын үгүтчүсү кармалганы тууралуу маалыматтар да туура эмес болуп чыгууда. Иликтөө жүргөндөн кийин биз дагы бул боюнча кайрылабыз. Ошондуктан биздин мамлекеттик органдар иликтеп чыксын. Териштирүүнүн жыйынтыгын күтө туралы. Шайлоолордо дайыма эле ушундай чагымдар болуп келген».

Тергөө тобу тарабынан ыкчам иликтөө иштеринин алкагында, Наримандагы аталган үйдөн сыртына адамдар менен көчөлөрдүн аты жазылган беш конверт алынган. Жалпы суммасы 313 миң сомду түзүп, кандай адамдар жооптуу экени жана каражаттын кайсы көчөлөргө багытталганы жазылган конверттерди ачып, акчаны санап, күбөлөрдүн тергөө амалдары жүргөн учурду чагылдырган видео тасма 2-сентябрга караган түнү Интернетке тараган.

Добушун саткандар жазаланып, алгандарды иши кароодо

Буга чейин Башкы прокуратура Ысык-Көл облусунун аймагында шайлоочулардын добуштарын сатып алуу жана сатуу фактылары катталып, сотко чейинки териштирүү башталганын жарыялаган. Башкы көзөмөл органы тараткан учкай маалымат боюнча, Тартип бузуу жөнүндө кодекстин «Шайлоочунун акчалай каражаттарды жана материалдык баалуулуктарды алышы» беренесине ылайык, беш жаран жазаланган.

Анын талаптары боюнча мындай жосун үчүн жаранга бир миң, ал эми юридикалык жакка беш миң сом айыппул салынат. Анда добуш сатып алуу үчүн акча берген партиянын же талапкердин жазаланганы көрсөтүлгөн эмес.

Башкы прокуратуранын басма сөз борборунун өкүлү Эрмек Асанов акчаны алган менен берген тараптын иши өз-өзүнчө иликтенип жатканын айтты:

«Шайлоочулардын добуш үчүн акчалай же материалдык баалуулуктарга ээ болушуна байланыштуу берене боюнча аны алган тарап жазаланып жатат. Акчаны берген тарап боюнча да өзүнчө сотко чейинки териштирүү иши ачылган. Ал боюнча да тергөө иши жүргүзүлүүдө. Эки тарап тең жоопкерчиликке тартылышы керек. Берген тараптын беренесиндеги жаза оор болгондуктан ал Жазык кодексинин негизинде жазаланат. Ал эми алган тараптын иши Тартип бузуу боюнча кодекстин негизинде каралды».

Быйылкы 4-октябрга дайындалган парламенттик шайлоого эки күн калды. Бирок буга чейин добуштарды сатып алуу же административдик ресурсту колдонуу боюнча ачыкка чыккан мыйзам бузуу фактыларын укук коргоо органдары карап чыгып, ал эми БШК кайсы бир талапкерди же же партияны шайлоодон четтете элек.

Шайлоо-2020: Добуштун баркы жана баасы
please wait

No media source currently available

0:00 0:57:07 0:00

XS
SM
MD
LG