Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:08

Шыкмаматов: Башкы прокурордун милдетин аткаруучу болгон жокмун


Алмамбет Шыкмаматов.
Алмамбет Шыкмаматов.

"Бир бол" саясий партиясынын талапкери Алманбет Шыкмаматов өзүн башкы прокурор кылып дайындабаганын, бул кызматка барбаганын "Азаттыкка" билдирди. Ал баш прокурордун үч орун басары менен жолугуп, аларга иштөөгө моралдык колдоо көрсөткөнүн айтты:

"Башкы прокуратура шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кыла алат. Экинчиси - өлкөдөгү туруктуулукту сактоо үчүн мыйзамдуулукту кармайт. Мен мына ушул эки маселе боюнча жана Матраимовдорго иш козгоп, издөө жарыялап, чек араларды жабуу маселесин айтып, саясий кеңеш бердим. Анан эле "баш прокурор болду" деп тарап кетти. Андай болгон жок. Биз коомдук тартипти сактап, мыйзам жолуна түшүүбүз керек".

5-октябрда парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон партиялар баштаган тынчтык митинги массалык башаламандыкка айланып, 6-октябрда митингчилер парламент менен президент отурган имаратты, УКМКнын имаратын басып алышты.

4-октябрдагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон 12 саясий партиянын жетекчилери БШКга кайра шайлоо өткөрүү талабын коюшкан. “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын атынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Өмүрбек Суваналиев акыркы кырдаалга байланыштуу Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары кызматына кайтып келгенин билдирген. "Замандаш" партиясынын талапкери Мелис Турганбаев Жаза аткаруу кызматынын төрагасы катары өз кызматына кайтып барып, иштеп жатканы, Бишкек шаарынын коменданты милдети Курсан Асановго жүктөлгөнү кабарланды. Ал эми Башкы прокуратураны Алманбет Шыкмаматов көзөмөлүнө алганы айтылган.

Кийинчерээк Башкы прокуратураны "Чоң казат" партиясынын лидери Сыймык Жапыкеев көзөмөлгө алганы кабарланып, аны партиялашы Максат Мамытканов "Азаттыкка" ырастаган.

Мындан тышкары Жоошбек Коеналиев аттуу жаран Бишкек шаарында элдик мэр деп жарыяланганы, Саламаттык сактоо, Маданият министрликтери өңдүү мамлекеттик структураларга жаңы жетекчилер барганы тууралуу маалыматтар тараган.

Мындай көрүнүштөрдү координациялык кеңеш сынга алып, бардык тараптарды мыйзам жолуна түшүүгө чакырып жатат. (ZKo/BTo)

XS
SM
MD
LG