Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 14:51

Физика боюнча Нобел сыйлыгын Ааламды иликтеген окумуштуулар алды


 2020-жылдагы физика боюнча Нобель сыйлыгын алган окумуштуулар.
2020-жылдагы физика боюнча Нобель сыйлыгын алган окумуштуулар.

2020-жылдагы физика боюнча Нобель сыйлыгы кара тешиктердин пайда болуу механизмин иликтеген жана Ааламдын борборунда өтө чоң массанын кантип пайда болгонун ачкан үч окумуштууга ыйгарылды.

Британиялык илимпоз Рожер Пенроуз "Кара тешикти пайда болуу механизмин салыштырмалуу теориянын негизинде иликтегени үчүн алган. Германиялык окумуштуу Райнхард Генцель менен америкалык окумуштуу Андрев Гез болсо биздин "Биздин Галактиканын борборундагы өтө чоң массалык компакттык объектини" изилдеп чыккканы үчүн ыйгарылган.

Мындан бир күн мурун 2020-жылдагы медицина жана физиология боюнча Нобел сыйлыгын С гепатитин дарылоону ойлоп тапкан окумуштуулар алган. Кадыр-барктуу сыйлыктын быйылкы лауреаты болуп америкалык окумуштуулар Харви Олтер, Чарльз Райс жана британиялык Майкл Хоутон аныкталган.

Нобел комитети жарыялаган билдирүүдө бул окумуштуулардын изилдөөлөрүнүн жардамы менен өнөкөт гепатитти пайда кылган себептер аныкталганы жана миллиондогон адамдардын өмүрүн сактап калган жаңы дарылар өндүрүлгөнү айтылат.

Ушул күндөрү Швецияда салттуу Нобел жумалыгы башталды.

XS
SM
MD
LG