Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:24

“Чек арасыз кабарчылар” уюму журналисттердин коопсуздугун талап кылууда


Бишкектин Ала-Тоо аянтындагы массалык башаламандык учуру. 9-октбярь, 2020-жыл.
Бишкектин Ала-Тоо аянтындагы массалык башаламандык учуру. 9-октбярь, 2020-жыл.

“Чек арасыз кабарчылар” (RSF) эл аралык уюму Кыргызстандын бийлигин жана бардык саясий күчтөрдү журналисттердин коопсуздугун камсыздоого чакырууда. Мындай билдирүүсүн уюм 10-октябрда таратты.

Билдирүүдө шайлоонун жыйынтыгынан улам чыккан нааразылык митингдеринде бир катар журналисттерге кол салуу жана коркутуп-үркүтүүлөр болуп жатканы белгиленген. Уюмдун маалыматы боюнча митингдерди жана массалык башаламандыктарды чагылдырууда кеминде жети журналист жабыркаган.

"Журналисттер шайлоодон кийинки массалык башаламандыктар учурунда курмандык болбошу керек. Биз кабарчылардын коопсуздугун камсыздап берүү тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттарынын талабын колдойбуз. Бийлик жана оппозициялык топтор окуяларды чагылдырып жаткан журналисттерди жана маалымат каражаттарын коргоого алууга тийиш” - деп белгилеген уюмдун Чыгыш Европа жана Борбор Азиядагы бөлүмүнүн башчысы Жанна Кавелье.

Кавалье ошондой эле бийлик журналисттерге кол салуу боюнча ар бир учурду иликтөөгө тийиштигин белгиледи.

Билдирүүдө жазылгандай журналисттер күч кызматкерлеринин да, нааразылык акциясына чыккан тараптардын да кол салуусуна дуушар болушкан. 9-октябрда “Азаттыктын” кабарчысы аянттагы митингди чагылдырып жүргөн учурда ага митингчилер “туура эмес чагылдырып жатасың” деген кине менен кол көтөрүшкөн. “24.кg” агенттигинин кабарчысынын телефонун жулуп алуу аракети болгон.

7-каналдын журналистине “өлтүрүп кетебиз” дегенге чейинки коркутуулар айтылган. “Азаттык”, “24.кг”, “Спутник” жана башка маалымат каражаттарынын кеңсесин талкалоого, өрттөөгө чакырыктар социалдык тармактарда байма-бай чыгып жатат. 9-октябрда бир катар маалымат каражаттарынын кеңселерин Элдик кошуундун ыктыярчылары кайтарууга алышкан.

10-октябрда Садыр Жапаровдун тарапкерлери уюштуруп жаткан митингди чагылдырууну талап кылып, “Sputnik Кыргызстан” агенттигинин кеңсесине белгисиз адамдар кирүүгө аракет кылышкан. Алар агенттикке жарым саат мөөнөт беришерин айтып, кароолчусун коркутуп кетишкен. (ZKo)

XS
SM
MD
LG