Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:15

Садыр Жапаров: өкмөт курамы шашылыш түзүлүп калды


Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

Премьер-министр Садыр Жапаров 14-октябрдагы басма сөз жыйында өкмөттүн курамы жана андагы аялдардын орду тууралуу журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, өкмөттүн курамы шашылыш түзүлгөнүн билдирди:

«Өкмөттүн курамы эртең менен шашылыш түрдө түзүлдү. Бир-эки ай ичинде кайра карап чыгып, бардык тармактардан карап, өзгөртүү киргизебиз. Сөзсүз түрдө аялдарды кошобуз. 30% аял болушу керек. Анан жаштардан тартабыз. Аны карайбыз. Өзүңөр көрүп атасыңар, акыбал ушундай болуп турат. Мага «парламенттин кезексиз жыйыны болот» деп түнкү саат 12:00-1:00де айтышты. Аппарат 8:00де ишке чыкты», - деди Жапаров.

Жогорку Кеңештин 14-октябрдагы чукул жыйынында Садыр Жапаров Кыргызстандын өкмөт башчылыгына шайланып, өкмөттүн сунушталган курамы жана түзүмү жактырылган.

Жапаров депутаттардын алдында сүйлөп жатып өкмөттүн курамында 15-20% өзгөрүү болгонун билдирип, тизмесин жарыялады.

Өкмөттүн жаңы курамында мурдагы экономика министри Артем Новиков биринчи вице-премьерликке, Равшан Сабиров, Максат Мамытканов жана Аида Исмаилова вице-премьер-министрлик кызматтарга көрсөтүлгөн.

Бактыбек Аманбаев өкмөттүн аппарат жетекчиси, Кыялбек Мукашев Финансы министрлигине, Бакыт Бердалиев Транспорт жана жол министрлигине, Марат Жаманкулов Юстиция министрлигине, Руслан Казакпаев Тышкы иштер министрлигине, Улан Ниязбеков Ички иштер министрлигине, Бообек Ажыкеев Өзгөчө кырдаалдар министрлигине, Алымкадыр Бейшеналиев Саламаттык сактоо министрлигине, Алмазбек Бейшеналиев Билим берүү жана илим министрлигине, Нуржигит Кадырбеков Маданият, маалымат жана туризм министрлигине, Жыргалбек Сагынбаев Өнөр жай, энергетика жана кен пайдалануу комитетине жетекчи болушту.

Ал эми калган мекемелердин буга чейинки жетекчилери ордунда калды.

4-октябрдагы парламенттик шайлоодон кийин Кыргызстанда саясий кризис башталган. Буга чейин парламенттин бир катар депутаттары эки жолу чукул жыйынга чогулуп, өкмөт башчылыкка 6-октябрга караган түнү түрмөдөн бошотулган мурдагы депутат Садыр Жапаровду бекиткенин жарыялаган. Бирок ошол чечимдердин мыйзамдуулугу суроо жараткандыктан бүгүн маселе Жогорку Кеңештин кезексиз сессиясында кайрадан каралды. (NT)

XS
SM
MD
LG