Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:16

Жапаров: Президент Жээнбеков кетет


Садыр Жапаров митингде. Бишкек шаары. 8-октябрь, 2020-жыл.
Садыр Жапаров митингде. Бишкек шаары. 8-октябрь, 2020-жыл.

Премьер-министр Садыр Жапаров 14-октябрда президент Сооронбай Жээнбеков менен жолугушуудан кийин Өкмөт Үйүнүн алдындагы митингчилердин алдына келип маалымат берди.

«Сүйлөшүүнүн акыркы учурлары калды. Эртең саат 11ге чейин суранып, силердин алдыңарга келдим. Сүйлөшүүлөр уланат. Ал кетет. Эртең саат 11ге чейин тарап бериңиздер. Эгер эртең да жыйынтык чыкпаса, мен өзүмдөн жоопкерчиликти алып салам», - деди Жапаров.

Митингчилер аны укпай, резиденцияга барууга чакырып атышты.

Мурдараак президенттин басма сөз кызматы бүгүнкү мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков менен өкмөт башчы Садыр Жапаровдун жолугушуусунда президент кызматынан өлкөдө кырдаал турукташканда – парламенттик шайлоо өткөрүп, жаңы президенттик шайлоо жарыялап коюп, анан кетерин айтканын билдирген.

4-октябрдагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразылык митинги массалык башаламандыкка айланып, митингчилер президент менен парламент отурган имаратты, УКМКны басып алышкан. Абактардагы бир катар саясатчыларды, алардын ичинде Садыр Жапаровду да тарапташтары бошотуп алышкан.

Ошондон бери өлкөдө саясий кризис чечилбей турат. 14-октябрда парламент өкмөт башчылыкка шайланган Садыр Жапаровдун өкмөт курамын, түзүмүн бекитип, ага президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон. Бирок Жапаровдун тарапкерлери Жээнбеков кызматтан кетмейинче тарабай турганын билдиришүүдө. Президент Жээнбеков кырдаал турукташкан соң кызматтан кетерин айткан. (ZKo)

XS
SM
MD
LG