Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:47

Башкы прокурорлукка Курманкул Зулушевдин талапкерлиги каралууда


Курманкул Зулушев.
Курманкул Зулушев.

Башкы прокурордун кызматына Жогорку Кеңештин депутаты Курманкул Зулушевдин талапкерлиги каралууда. Бул маселени учурда парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана парламент регламенти боюнча комитети талкуулаганы жатат.

Башкы көзөмөл органына жетекчи болуп 2018-жылдын апрелинде дайындалган Өткүрбек Жамшитовдун кызматтан кетүү тууралуу арызын парламент бүгүн карап, макулдук берди.

Зулушев 2000-2007-жылдары Нарын жана Чүй облустарынын прокуратура органдарында эмгектенген. 2007-жылы Чүй облусунун Сокулук райондук сотунун судьясы, 2013-жылы Бишкек шаардык сотунун төрагасынын орун басары болуп дайындалган. 2015-жылы Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышына «Республика - Ата Журт» саясий партиясынын тизмеси менен депутат болуп келген.

Курманкул Зулушев коомчулукка президенттин милдетин аткарып жаткан азыркы өкмөт башчы Садыр Жапаров баштаган үч саясатчыны актаган судья катары кеңири таанылган. 2012-жылдын 3-октябрында Бишкекте «Кумтөр» алтын кен долбоорун мамлекеттин карамагына алууну талап кылган митинг башаламандык менен коштолуп, президенттик администрациянын кашаасын ашып өтүү аракети болуп, бир нече адам кармалган.

2013-жылдын 29-мартында Бишкектин Биринчи май райондук соту саясатчылар Камчыбек Ташиевди, Садыр Жапаровду жана Талант Мамытовду бийликти күчтөп басып алууга аракет кылуу айыбы боюнча соттогон. 2013-жылдын 17-июнунда шаардык сот үчөөнү тең актап, сот залынан бошоткон. (RK)

XS
SM
MD
LG