Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:43

Бишкек-Ош жолу ачык, кар тазалоо иштери жүрүп жатат


Бишкек-Ош жолу. Иллюстрациялык сүрөт.
Бишкек-Ош жолу. Иллюстрациялык сүрөт.

Транспорт жана жол министрлигинин басма сөз кызматы 29-октябрда Бишкек-Ош жолу ачык экенин билдирди.

Маалыматка караганда, 28-октябрда, саат 02:30дан баштап Төө-Ашуу жана Ала-Бел ашууларында 5-10 сантиметр кар жааган.

Жол кызматкерлери тазалоо иштерин жүргүзүп, кум-шагыл төгүп, жол тазалоо иштерин жүргүзүп жатышат.

Учурда автоунаа тыгыны жок, жолдор өз убагында тазаланып, Төө-Ашуу, Ала-Бел жана Өтмөк ашуулары аркылуу машинелердин токтоосуз өтүшүнө толук шарт түзүлдү.

Транспорт министрлиги айдоочуларга кышкы дөңгөлөктөргө өтүүнү, жолго чыккан учурда автоунаада дайыма чынжыр алып жүрүүнү сунуш кылган. Автоунаалардын ортосундагы аралык 500 метрге чейин сакталууга тийиш.

Мындан тышкары тыгын пайда болгон учурда, сабырдуулукту сактап, тыгынга түздөн-түз себепкер болуп калбаш үчүн карама-каршы тилкеге чыкпоого чакырган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG