Коронавирус жайылып кетпеши үчүн Германия бир айлык мөөнөткө айрым аймактарына карантин киргизди. Франция жаңы чектөөлөргө даярдык көрүүдө.
30-октябрдан тартып Францияда массалык иш-чараларга тыюу салынат. Бассейндер, ресторандар, барлар жабылат. Үйдүн айланасынан алыс чыгууга тыюу салынат.
Дүкөнгө, жумушка, дарыгерге жана кыска убакытка сейилдөөгө чыгууга гана уруксат берилет. Бул тууралуу Франциянын президенти Эммануэл Макрон 28-октябрда элге кайрылып жатып айтты.
Анын сөзү боюнча сырттан келгендердин баары коронавируска карата тесттен өтүшөт. Чектөөлөр кеминде 2-декабрга чейин созулат. Француз өкмөтү эки жумада бир чектөөнү жумшартуу же катаалдантуу маселесин карап чыгары айтылды.
Германияда 2-ноябрдан 30-ноябрга чейин барлар, ресторандар, оюн-зоок борборлору, концерттик залдар, театрлар жана фитнес-борборлор жабылат. Дүкөндөр санитардык талаптарды сактоо менен иштөөгө милдеттендирилди. Көпчүлүк аймактарда мектептер иштей берет.
«Биз азыр чара көрүүгө тийишпиз», - деди кырдаалды «өтө олуттуу» деп мүнөздөгөн немис канцлери Ангела Меркел.
Европа өлкөлөрүндө 28-октябрга карата бир суткада дээрлик 15 миң адам вируска чалдыкканы аныкталган. Бул өткөн аптадагы көрсөткүчтөн эки эсе көп.
«Биз бейтапканалардын толушуна жол берсек, анда өтө кеч болуп калат», - деди Германиянын саламаттык сактоо министри Йенс Спан.
Болгариянын, Белгиянын, Португалиянын жана Польшанын өкмөттөрү карантиндик чектөөлөрдү күчөттү.
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) Европада акыркы бир жумада 1,3 млн. адам коронавирус жугузуп алганын кабарланды. Бул жалпы дүйнө жүзүндөгү вируска чалдыккан 2,9 млн. адамдын дээрлик тең жарымын түзөт.
Илдеттен көз жумгандар да мурунку жумага караганда 37% көбөйдү.