Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:39

Жапаров коррупциянын жоюлбаганын Баш мыйзамга байлады


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Президенттин милдетин аткарып жаткан премьер-министр Садыр Жапаров Кыргызстанда коррупция менен күрөш татаал болуп жатканын айтып, аны Конституция менен байланыштырды.

Ал жемкорлукту башкаруу системасын өзгөртүп гана жойсо болот деп эсептейт. Бийликке коррупцияны кан буугандай токтотуу тууралуу кат-кат убада менен келген өкмөт башчынын бул сөзү коомчулуктун талкуусуна түштү. Талдоочулар жемкорлуктан арылыш үчүн мыйзамдар жетиштүү экенин, ага саясий эрк гана керек болорун белгилеп жатышат.

Жапаров: коррупцияны жоюу өтө татаал экен

Садыр Жапаров Кыргызстанда коррупцияга каршы күрөш өтө татаал болуп жатканын 29-октябрда өкмөттүн курамынын алгачкы кеңейтилген жыйынында айтты. Ал жемкорлукту жоюуга шарт түзүш үчүн Конституцияны өзгөртүү зарыл деген пикирде.

«Коррупция менен күрөш өтө татаал болуп жатат, - деди ал. - Чырмалышып калган экен. Муну конституциялык реформа жасап, башкаруу системасына өзгөртүү киргизгенден кийин гана жоё албасак, азыр жоюу өтө татаал экен. Бирок колдон келген аракетибизди кылып жатабыз. Бүт дүйнө пайда тапкан бажыдан бизге эмнеге киреше кирбейт? Жол курууга ири насыялар алынган, эмнеге жолдорубуз жаман? Дүйнөдө наркобарондор бар, ал эми бизде энергобарондор болуп жатат».

Ал буга чейин коррупцияны түп-тамырынан жок кылуу жөнүндө бир нече жолу убада берип, ар бир кайрылуусунда жемкорлукка каршы күрөшөрүн жана анын жыйынтыгы жакын арада билинерин кайталап келет.

21-октябрда Садыр Жапаров Кыргызстанда бир айлык экономикалык мунапыс жарыялап, жемкорлорду бул аралыкта коррупциялык жол менен табылган кирешелерди, мыйзамсыз мүлктү, жашырылган салыктарды ачыкка чыгарып мамлекетке кайтарууга чакырган.

«Ала-Тоо 24» каналындагы акыркы маегинде премьер-министр кымырып алган акчаны өз эрки менен бюджетке төккөндөр бар экенин айтып, бирок алардын аты-жөнүн жарыялаган жок. Кочкор районундагы иш сапарында сүйлөп жатып бир жуманын ичинде жарым миллиард сом өндүрүлгөнүн кабарлады.

Садыр Жапаров президенттин милдетин аткарууга киришкенден кийинки биринчи кайрылуусунда да коррупция темасына токтолгон. Анда жемкорлукка каршы күрөш тууралуу убадаларды берип, «жакын арада ишибиздин жыйынтыгын көрсөтөбүз» дегени бар:

Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

«Баарынан мурда биз 700 миллион долларды Кыргызстандан чыгарып кетүү боюнча шек саналган Матраимовдорду жана башка схемалуу коррупцияларды түзүп, элдин ырыскысына кол салган бардык тармактардагы коррупционерлерди катаал жаза менен жоопко тартабыз. Укук коргоо органдарына тийиштүү тапшырмалар берилди. Жакын арада биз ишибиздин жыйынтыгын көрсөтөбүз. Ошол эле мезгилде коррупция менен күрөш - бул түрмөлөрдү толтуруу, укук коргоо органдарына бардык укуктарды берүү эмес. Коррупция менен күрөш – бул жөнөкөй, түшүнүктүү жана аткарылуучу мыйзамдар. Ал баарына бирдей иштейт».

Шакабага айланган билдирүү

Жалындуу убадалардан кийин Жапаровдун «коррупцияны жоюш үчүн Конституцияны өзгөртүү керек» деген сөзү коомчулукта талкууга жол ачты. Социалдык тармактардын колдонуучулары ишке ашпай жаткан максаттын баарын Баш мыйзамга шылтап тамаша-чыны аралаш бийликтин жемкорлукка каршы саясатын сынга алып жатышат. Алардын бири, жарандык активист Нурбек Муктардын сөзү боюнча, коррупция менен күрөш үчүн Кыргызстанда тиешелүү бардык мыйзамдар бар.

«Коррупция менен күрөшүүгө тоскоолдуктар да жок, - деди ал. - Себеби, Кыргызстанда азыр супер президенттик башкаруу. Садыр Жапаров - президент, премьер-министр. Анын эң жакын досу Камчыбек Ташиев УКМКнын төрагасы. Жапаровдун бийлиги менен келген Сыймык Жапыкеев - Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматтын (Финансы полициясы) жетекчиси. Жалпылап айтканда, анын пикирлештери бүт чоң кызматтарда отурат. Анын «коррупция менен күрөшө албай жатам» дегени суу кечпейт. Садыр Жапаров бийликке «Кумтөрдү алабыз» деп келген. Аны жасаган жок. «Бийликке жаштар келет. Люстрация кылам. Шайлоо убагында болот» дегени да ишке ашпай калды. Анан «коррупция менен күрөшөм, ууруларды кустурам» деди эле, бул да болбой калды. Баш мыйзамды шылтоо кылып атканы – бул «эми колдоп бергиле, Конституцияны өзгөртөлү» деген эле сөз. Буга чейин эмнени айтса, анын баарын өзү жокко чыгарды. Акыркысы ушул коррупция менен күрөшүү тууралуу убадасы болду».

Нурбек Муктар сөз кылып жаткан Камчыбек Ташиев Садыр Жапаров түрмөдөн чыккандан бери жанында жүрөт. Акыркы саясий окуяларга жигердүү аралашып, 16-октябрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы болуп дайындалган. Ал да кызматына киришип жатып коррупция менен күрөшүү тууралуу бир топ убадаларды берген.

Камчыбек Ташиев.
Камчыбек Ташиев.

«Коомубузда мындан ары коррупционерлер жашабайт. Биз аларды жашатпайбыз. Кайсы тармакта болбосун, кайсы коррупционер болбосун, аларды мыйзам чегинде коомчулуктан кууп жок кылабыз», - деген Ташиев.

Коррупция боюнча козголгон иштер

Жемкорлукка байланыштуу жаңы бийликтин тушунда ачылган иштерди да санап өтсөк болот.

УКМК Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовго иш козгоп, ал мамлекетке келтирилген эки млрд. сомду бюджетке төгүп берерин билдирди.

Өзгөчө көп өлчөмдө пара алууга шектүү катары өкмөттүк аппараттын жетекчисинин мурдагы орун басары Бактыбек Калмуратов жана Финансы полициясынын жетекчисинин мурдагы орун басары Эмил Жамгырчиев кармалды.

Туруктуу коррупциялык схема түзүп алышкан деген шек менен Ветеринария жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын жетекчиси Калысбек Жумаканов жана мекемеге караштуу башкармалыктын, бөлүмдүн, лабораториянын башчылары колго түштү.

Финансы полициясы Социалдык фонддун жана Мамлекеттик салык кызматынын өкүлдөрү бюджетке тогуз миллиард сомдук зыян келтиргени аныкталганын кабарлады.

«Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын Жүк ташуу жана коммерциялык иштер боюнча башкармалыгынын башчысы (Дж.К.) кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу боюнча шектүү катары кармалды.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Каныбек Осмоналиев Садыр Жапаровдун коррупция менен күрөш үчүн Конституцияны өзгөртүү тууралуу сөзүнүн төркүнүн көпчүлүк түшүнбөй калды деген ойдо.

Каныбек Осмоналиев.
Каныбек Осмоналиев.

«Кыргызстанда коррупциянын классикалык белгилеринен башка кыргыз элине мүнөздүү болгон менталитет да жуурулушуп кетиптир. Ошондуктан коррупция татаалдашып кеткен. Мисалы, башка бир мамлекетте 40 үйү бар коррупционер аны туугандарына жаздырууга туугандары да жетпейт болчу. Кыргыздар болсо аны жашыруунун жолдорун түзүп алат экенбиз. Мен ал кишинин (Садыр Жапаров - ред.) сөзүн «кээ бир түзүмдөрдү өзгөртүш керек» деп түшүндүм. Анын сөзү контексттен эле алынып талкууланып жатат. Ал «биз коррупция менен күрөштү токтотпойбуз. Бирок Баш мыйзамда анча-мынча мүчүлүштүктөр бар экен» деп атат. Азыр коррупция боюнча күнүгө 3-4 иш козголуп, жыйынтык да болуп жатат», - дейт Каныбек Осмоналиев.

Ал эми коррупция менен күрөш боюнча эксперт Эркайым Мамбеталиева Садыр Жапаровдун өкмөттүк жыйындагы билдирүүсү тууралуу мындай деди:

Эркайым Мамбеталиева.
Эркайым Мамбеталиева.

«Эл аралык практиканы карасак деле маселе мыйзамга барып такалбайт да. Парламенттик же президенттик башкаруубу, кандай айырмасы бар? Бардык маселени бир эле нерсеге такап «Баш мыйзамды өзгөртпөсөк болбой калды» деп отура беребизби? Эң башкысы - коррупция менен күрөш үчүн каалоо гана керек. Ооба, мыйзамдарда да карама-каршылыктар бар, бирок ал шылтоо эмес да».

Жапаровдун тарапташтарынын таарынычы

Бийликтин кадр саясатына, коррупция менен күрөш боюнча иштерине Садыр Жапаровдун айрым тарапташтары да нааразы болуп жатышат. Быйыл март айында Жапаровду түрмөдөн бошотууну талап кылган митингди уюштуруучулардын бири, абактан чыккандан кийин Жапаровду колдоп келаткан жарандык активист Бакай Кашкарбаев 29-октябрда Интернет аркылуу кайрылуу таратты:

«Урматтуу Садыр Нургожоевич, сизге элдин үнү жетпей калды. Эл нааразы болуп жатат. Чындыкты, акыйкатты тегерегиңиздегилер жеткизбегени үчүн ушундай болду. Садыр Нургожоевич, элдин үнүн укпай калдыңыз. Маалымат туура эмес жетип жатат. Кыргызстанда бир да бийликке узурпацияга жол берилбесин. Бизде жетинчи кабатка чыккандан кийин эле ажыдаарга айланып кетет экен. Сиз да ошол оорудан сактаныңыз!»

Ал Конституцияны саналуу саясий топтор менен гана кеңешип өзгөртпөй, эл менен эсептешүүгө чакырды жана анын командасындагы кызмат адамдарынын ишинин жыйынтыгы тууралуу маалымат беришин талап кылды.

«Прокуратураны, Жогорку сотту, УКМКны тартипке салыңыз. Иштесин. Бийликте отуруп алып эмне кылып жатышат? Бийликке келгенине 20 күн болду. Сегиз сааттан санаганда эле 80 саат, эмне кылды булар!? 20 күндүк иши тууралуу отчёт берсин. Садыр байке, кыргыз эли күтүп атпайбы. Кабинетке кирип кетип эле дайыныңар жок. Тез-тез, чоң-чоң кадамдар менен терең реформага барыш керек. Момундай жөжүрөгөн кадамдар бизге болбойт»,- деди Бакай Кашкарбаев.

Мелис Аспеков.
Мелис Аспеков.

Ага улай эле Садыр Жапаровдун дагы бир тарапташы, жарандык активист Мелис Аспеков да бийликте люстрация болбой жатканын «Фейсбуктагы» баракчасына жазып чыкты. Ал «Манас» эл аралык аэропортуна жетекчи болуп дайындалган Бактыбек Сыдыков жана Жапаров өзүнө кеңешчи кылган Арзыбек Бурханов кызматтан кетпесе, ачкачылык жарыялай турганын билдирди.

Кыргызстанда 4-октябрдагы кезектеги парламенттик шайлоодон кийинки окуялар бийликтин алмашуусуна алып келген. Президенттиктен кеткен Сооронбай Жээнбековдун ордуна мамлекет башчылыкты Конституция боюнча парламент төрагасы алышы керек болчу. Спикер болуп шайланган Канатбек Исаев бул милдетти аткаруудан баш тартып койгон. Азыр президенттин милдетин өкмөт башчы Садыр Жапаров аткарып жатат.

XS
SM
MD
LG