Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-декабрь, 2020 ишемби, Бишкек убактысы 14:06

«Улуттук энергохолдингдин» жетекчиси Назаров кызматтан кеткенин жарыялады


Айтмамат Назаров.

«Улуттук энергохолдинг» акционердик коомунун төрагасы Айтмамат Назаров 2-ноябрда «Фейсбуктагы» баракчасына кызматынан кетип жатканы тууралуу маалымат берип, арызынын сүрөтүн кошо тиркеди.

Кайрылууда: «Бүгүн мен расмий эмес жана атайын даярдалбаган, жүрөктөн чыккан кайрылуумду жалпы коомчулукка жана өзгөчө мени менен акыркы жылдары иш алып барган эң мыкты энергетиктерге багыттайм. Менин жашоомдун дагы бир унутулгус бөлүгү аягына келип жетти. Бул кызыктуу убакытты мен энергетиктер менен бирге өткөрдүм! Эмгеги анча көзгө көрүнбөгөн, бирок эң маанилүү ишти аркалаган энергетиктер менен көп жетишкендиктерге жеттик! Биз бир үй-бүлө боло алдык. Кызматымдан кетүү боюнча арызымды жазып бердим. Рахмат, энергетиктер! Мен дайым сиздер менен!» деп жазылган.

Айтмамат Назаров буга чейин Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышында «Кыргызстан» фракциясынан депутат болгон. Ал 4-октябрга белгиленген парламентке кезектеги шайлоого да ушул эле партиядан аттанып, үгүт учурунда административдик ресурсту пайдаланды деген сынга кабылган. Кийин ал өз талапкерлигин тизмеден алган эле. (BCh)

XS
SM
MD
LG