Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Сентябрь, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:14

Гондураста «Эта» шамалынан улам бир нече район суу алдында калды


«Эта» Борбордук Америкадагы соңку жылдардагы эң катуу шамал болуп калды.

Борбордук Америкадагы бул мамлекетте табият кырсыгы 18 адамдын өмүрүн алды. «Эта» аттуу шамал нөшөр менен коштолуп, жергиликтүү дарыялар өз нугунан чыгып кеткен. Куткаруу кызматтары дээрлик иштебей турат. Жабыркагандарды тамак-аш жана керектүү буюм-тайымдар менен кошуна райондордун тургундары камсыз кылышууда.

«Эта» Борбордук Америкадагы соңку жылдардагы эң катуу шамал болуп калды. Шамалдын ылдамдыгы саатына 240 чакырымды түздү. 4-ноябрда ал алгач Никарагуа мамлекетин каптаган. Жалпы аймакта 70 киши каза болду. Учурда шамал Кариб деңизине бет алды.

АКШнын Катуу шамалдарга байкоо салуу боюнча улуттук борбору билдиргендей, «Эта» кайра күчтөнүп Флориданын түштүгүнө жана Кубага кайтып келиши мүмкүн.

XS
SM
MD
LG