Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:42

COVID-19: Бир күндө дагы үч киши кайтыш болду, вирус 400 кишиден табылды


Коронавирусту аныктаган лаборатория. Бишкек. Сентябрь, 2020-жыл.
Коронавирусту аныктаган лаборатория. Бишкек. Сентябрь, 2020-жыл.

COVID-19га каршы күрөш боюнча республикалык штабдын 11-ноябрдагы маалыматына караганда, соңку бир сутка ичинде вирус дагы үч кишинин өмүрүн алды. Бир күндө дагы 400 кишиден жаңы аныкталды.

Марттан бери илдет жугузуп алгандардын расмий эсеби 64 360 адамды түздү. Анын 55 306сы сакайганы айтылды. Бир күндө 532 адам ооруканалардан айыгып чыкты.

Кыргызстанда пневмонияны козгой турган коронавирус аныкталган март айынан бери илдеттен кайтыш болгондордун саны Саламаттык сактоо министрлигинин жаңы эсеби боюнча 1188 кишиге жетти.

18-августка чейин вирустан жалпысынан 1498 кишинин өмүрү кыйылганы расмий айтылган. Бийлик каза болгондордун статистикасы кайра каралып чыкканын, 437 кишинин өлүмүнө башка оорулар себеп болгонун, сегиз учур эки жолу катталып калганын жарыялаган.

Статистика боюнча учурда вируска чалдыккан 3347 бейтап стационарда, 3850 киши үй шартында дарыланууда.

Бул - вирус лабораториялык ыкма менен аныкталгандардын расмий статистикасы. Дарыгерлер анализ тапшырбай, илдетке чалдыгып үйдө жаткандар мындан көп болушу ыктымал экенин айтып жатышат.

Кыргызстанда коронавирустун жайылышы күчөп кеткенине байланыштуу август айында жабылган убактылуу стационарлар кайра ачылган. (NT)

XS
SM
MD
LG