Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-декабрь, 2020 шейшемби, Бишкек убактысы 15:23

«Аялдар маршы»: Жогорку сот милициянын аракетин мыйзамдуу деп тапкан чечимди жокко чыгарды


Кыргызстандагы ала качууга дуушар болгон кыз-келиндердин тагдырын чагылдырган долбоордун автору, сүрөтчү Татьяна Зеленскаяны милиция кызматкерлери карап кетип бараткан учур. 8-март, 2020-жыл.

Жогорку сот милициянын быйыл 8-мартта Бишкекте «Аялдардын шериктештик маршында» болгон аракетин мыйзамдуу деп тапкан чечимди жокко чыгарды. 12-ноябрда мекеменин басма сөз кызматы тараткан маалыматка караганда, 11-ноябрда Жогорку сот Бишкектин шаардык сотунун жана Свердлов райондук сотунун чечимдерин жокко чыгарып, Свердлов милициясынын митингдеги аракетин мыйзамдуу деп табуу боюнча териштирүүнү токтотту.

Митингдин уюштуруучуларынын адвокаттары «Азаттык» радиосуна билдиргендей, эми Жогорку соттун чечиминен кийин алар акцияга чыккандарды жоопко тартуу жана айыппул салуу тууралуу чечимдер боюнча арыз жөнөтүшөт.

Быйыл 8-мартта Жеңиш аянтында кыз-келиндердин укуктарын коргоо, зомбулукка кабылган кыздардын маселесин көтөрүү максатында уюштурулган митинг башталбай жатып аяктаган. Кийин милицияга жалпысынан 11 адам жеткирилген.

Шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы Свердлов райондук милициясында аларга карата протокол түзүлгөнүн, кармалгандар айыппул төлөөгө милдеттендирилгенин кабарлаган. «Феминнале» жана «8/365» коомдук уюмдарынын 8-марттагы митинги уруксатсыз уюштурулганын белгилеген.

Райондук милиция маршка чыккан алты кыз-келинге үч миң сомдон айып төлөтүү тууралуу токтом чыгарган. Алты активист бул токтом мыйзамсыз экенин айтып, Свердлов райондук сотуна кайрылган. Сот ишти жабык карап, алардын өздөрүн күнөөлүү деп тапкан.

«Аялдардын шериктештик маршы» деген ураан менен акция өткөрүү пландалып жаткан учурда ал жерге беткап, калпак кийген белгисиз адамдар барып, акцияны үзгүлтүккө учуратышкан.

Акцияга чыккандар милиция чагымчыларды эмес, тынч турган уюштуруучуларды кармап кеткенине нааразы болгон.

Укук коргоочулар, эл аралык уюмдар зомбулукка каршы жүрүштүн катышуучуларынын кармалышын кескин айыпташкан.

2020-жылдын биринчи жарымында эле Кыргызстанда бир нече аял үй-бүлөлүк зомбулуктан каза тапкан. 1-январда Кочкордо 37 жаштагы келин, 3-январда Баткенде 26 жаштагы келин күйөөсүнүн ур-токмогунан көз жумган. 4-январда Каракол шаарында аялына бензин чачып өрттөгөн эркек кармалган. 12-февралда Сокулукта 42 жаштагы келинге күйөөсү бензин чачып, өрттөп жиберген. 6-мартта Бишкекте мурда сот болуп иштеген адам аялын бычактап өлтүргөн. 3-апрелде Бишкекте бир келин төртүнчү кабаттан секирип кетип, ооруканага түшкөн. Социалдык түйүндөрдө ал зордуктоодон качканы айтылган.

2018-жылы ала качуудан куткарылган Бурулай милициянын имаратында бычакталып өлтүрүлгөн. (RK)

Пикирлерди көрүңүз

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.

XS
SM
MD
LG