Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:57

AI: Эфиопиянын Тыграй аймагында ондогон адам кыргынга учурады


Эфиопиянын Тыграй району.
Эфиопиянын Тыграй району.

«Эл аралык мунапыс» уюму (AI) Эфиопиянын Тыграй районунда ондогон жергиликтүү тургундар «кыргынга кабылганын» билдирди. Укук коргоочу уюмдун 12-ноябрдагы маалыматына караганда «ондогон, балким жүздөгөн адамдар 9-ноябрга караган түнү Тыграйдын түштүк-батышында жайгашкан Мэй Кадера шаарында жок кылынды».

Эл аралык уюм мындай кылмыш кимдин колунан келгенин айта албай турганын кошумчалаган. Күбөлөрдүн айтымында буга федералдык өкмөткө каршы чыгып жаткан «Тыграйды бошотуу боюнча элдик фронт» партиясынын тарапташтары барган.

Ошол эле күнү премьер-министр Абий Ахмед миңдеген эфиопиялыктар коңшу Суданга качып жатканын, өкмөттүк күчтөр Тыграйдын батышында жеңишке жеткенин билдирди.

Бириккен Улуттар Уюму баштаган эл аралык коомчулук Эфиопиядагы кырдаал боюнча тынчсыздануусун билдирди.

Эфиопиянын бийлиги ноябрь айынын башында «Тыграйды бошотуу боюнча элдик фронт» кыймылынын аскердик базага «кол салганын» айыптап, аймакка аскерлерди жөнөткөн. Ал жакта аскердик операциялар башталып, алты айга өзгөчө кырдаал режими киргизилген. Эфиопиянын өкмөт башчысы Абий Ахмед былтыр Нобелдин тынчтык сыйлыгынын лауреаты болгон.

XS
SM
MD
LG