Орусия Кыргызстанга каржылык жардам көрсөтүүнү этап-этабы менен ишке ашырат. Бул тууралуу 14-ноябрда Кыргызстандын биринчи вице-премьер-министри Артем Новиковдун Орусиянын президентинин администрациясынын жетекчисинин орун басары Дмитрий Козак менен жолугушуусунда айтылды.
Кыргыз өкмөтүнүн басма сөз кызматы тараткан маалыматка ылайык, Москвада өткөн жолугушууда эки тарап Кыргызстандагы коомдук-саясий кырдаалды талкуулашты.
Кыргызстанда 4-октябрдагы парламенттик шайлоонун баштапкы жыйынтыгына нааразы болгон он чакты партия жана жарандык коом өкүлдөрү 5-октябрда нааразылык акциясына чыгып, кийин ал жапырт башаламандыкка айланып, бийлик алмашуу менен аяктаган. Шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылган.
Башаламандык уланып жаткан күндөрдө Орусия каржылык колдоону саясий кырдаал турукташканга чейин токтотконун кабарлаган.
Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров 23-октябрда Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев менен жолугушууда Евразия фонду Кыргызстандын бюджетин колдоо үчүн убада берген 100 миллион долларды берерин айткан. (BTo)