Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:07

Прокурор Өмүрзаковдун тарапкерлери аны үй камагына чыгарууну суранышты


Улукбек Өмүрзаковдун тарапкерлери. Ош. 2020-жылдын 17-ноябры.
Улукбек Өмүрзаковдун тарапкерлери. Ош. 2020-жылдын 17-ноябры.

Ош шаарында прокурор Улукбек Өмүрзаковдун тарапташтары аны үй камагына чыгарууну суранышты. 17-ноябрда алар басма сөз жыйынын өткөрүп, Өмүрзаковго жалган жалаа жабылып, куугунтукка кабылганын, эгер 15 күн ичинде чыгарылбаса нааразылык акциясын акимчиликте улантарын билдиришти.

12-ноябрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Өмүрзаков Ош облусунун аймагындагы көмүр кенин рейдерлик жол менен басып алууну уюштурууга тиешеси болушу мүмкүн деген негизде кармалганын маалымдаган.

5-ноябрда Улукбек Өмүрзаков ага карата каралоо жүрүп жатканын билдирген.

3-ноябрда ошол кезде президенттин милдетин аткарып жаткан Садыр Жапаровдун эл менен жолугушуусунда жергиликтүү тургун Канназар Ыдырысов Өмүрзаковдордун үй-бүлөсүнө даттанган. Жапаров анын айткандарын «жергиликтүү бийлик текшерип, карасын» деп жооп берген. Ыдырысов жыйында даттангандан кийин ага карата кысым болуп жатканын айтып чыккан.

Улукбек Өмүрзаков - ички иштер министринин орун басары Сүйүн Өмүрзаковдун бир тууган иниси. (DU)

XS
SM
MD
LG